Financial Times: Орусия Иранга дрон, дары-дармек жана азык-түлүк жөнөтүп жатат

Орусия менен Ирандын желектери.

Орусия Иранга дрон, дары-дармек жана азык-түлүктү бөлүп жеткирүүнү дээрлик аяктап жатат. Бул тууралуу Financial Times 25-мартта Батыштагы чалгын маалыматтарына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва менен Тегеран ортосундагы жашыруун кызматташуу тууралуу Батыш чалгын кызматы кеңири маалымат берген.

«Иран менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү Израил менен АКШ Тегеранга сокку ургандан кийин бир нече күндөн соң дрон жеткирүү маселесин жашыруун талкуулай башташкан», - деп жазылат макалада.

Жеткирүүлөрдү ишке ашыруу март айынын башында башталып, айдын аягына чейин аякташы күтүлгөн.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты толук түрдө четке каккан жок.

«Азыр ар кандай жалган маалыматтар көп таралууда. Бирок биз Иран жетекчилиги менен диалогду улантып жатканыбыз чын», - деди Песков.

Financial Times дагы бир булагына таянып билдиргендей, Москва Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн гана эмес, Тегерандын саясий туруктуулугун да колдоого аракет кылууда.

Тегеран ошондой эле Кремлден абадан коргонуу боюнча дагы өнүккөн системаларды сураганы маалым болду.

Эки өлкө 2025-жылдын декабрында Орусиядан Иранга 500 даана «Верба» абадан коргонуу системасын жана алар үчүн 2500 ракета жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Орусия расмий түрдө жаңжал башталгандан бери Иранга жалаң гуманитардык жардам гана жөнөтүп жатканын билдирип келет. Өткөн жумада Москва Азербайжан аркылуу Иранга 13 тоннадан ашык дары-дармек жөнөткөнүн жана дагы жөнөтөрүн маалымдаган.

Өткөн жумада Израил Каспий деңизиндеги Бандар-Анзали портуна сокку урган. Бул порт Орусия менен Ирандын ортосунда дрондорду, ок-дарыларды жана башка аскердик жабдууларды ташууда маанилүү ролду ойнойт.

Дагы караңыз

Нобелди алган авторлордун "Кууш өтмөк" эмгегинин бет ачары өтөтКазакстандын батыш аймагына дрон куладыАба ырайы: Ош, Баткен облустарында жаан жаайт