Трамп Иран менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кайталады

АКШ президенти Дональд Трамп. 25-март, 2026-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жатканын 25-мартта дагы бир жолу ырастады. Анын айтымында, Ирандын өкүлдөрү муну ачык айтуудан коркуп жатышат, анткени аларды «өз эли өлтүрүп коюшу мүмкүн».

«Айтмакчы, алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана келишим түзүүнү абдан каалашат. Бирок муну айтуудан коркушат, анткени өз эли өлтүрүп коюшу мүмкүн деп кооптонушат», — деди Трамп Конгресстеги республикачылар менен болгон кечки жыйында.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи: «Биз сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөбөйбүз», - деп билдирген. Ошол эле учурда ал Тегеран Пакистан аркылуу берилген АКШнын сунушун карап жатканын моюнга алган.

Трамп ошондой эле АКШ менен Израилдин соккулары Иранды "катуу талкалап жатканын" кошумчалады.

Мындан мурда Америка лидери Тегеран жеңилгенин моюнга алып, АКШ сунуштаган тынчтык шарттарын кабыл албаса, «тозоктун каалгасын ачууга» даяр экенин билдирген.

Израил менен АКШ 28-февралда Иранга каршы чабуул баштаганда ал өлкөнүн өзөктүк дараметин азайтууну да көздөшкөнүн билдиришкен. Буга жооп катары Тегеран Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан мамлекеттерге абадан чабуул коюп жатат.

Төрт жумага аяк баскан согушта Иранда 1400дөй адамдын өмүрү кыйылганын укук коргоочулар билдирип жатышат. Так санды эч бир тараптан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Financial Times: Орусия Иранга дрон, дары-дармек жана азык-түлүк жөнөтүп жататНобелди алган авторлордун "Кууш өтмөк" эмгегинин бет ачары өтөтКазакстандын батыш аймагына дрон кулады