АКШнын НАТОдогу өнөктөштөрү коргонуу тармагынын чыгымын бир жылда дээрлик 20% көбөйттү

Украинанын, АКШнын жана НАТОнун туулары. Иллюстрация сүрөт.

АКШнын НАТОдогу европалык өнөктөштөрү, ошондой эле Канада коргонуу тармагына былтыр 2024-жылга караганда 19,6% көп каражат жумшады. Бул тууралуу 26-мартта альянстын башкы катчы Марк Рютте билдирди.

Бир жылдык жыйынтык тууралуу баяндамада айтылгандай, НАТОнун бардык 32 өлкөсү өткөн жылы коргонууга ички дүң өндүрүмдүн (ИДП) 2% жана андан көбүрөөк каражат жумшаган. Польша, Литва, Латвия, Эстония, Дания, Норвегия жана АКШ 3% ашуун каражат бөлгөн.

Былтыр июнь айында НАТО өлкөлөрү 2035-жылга чейин коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5% деңгээлине жеткирүүнү макулдашкан. Анын 3,5% коргонууга, калган 1,5% терроризмге каршы күрөшкө жана аскердик максатта колдонула турган инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестиция катары бөлүнөрү айтылган.

Европанын НАТОго мүчө өлкөлөрү 2035-жылга чейин коргонууга түз инвестиция көлөмүн дээрлик 2,2 трлн еврого (2,54 трлн доллар) жеткирсе гана, талдоочулардын баамында, кайра куралдануу боюнча коюлган максаттарга жетүүгө жана АКШ курал бербей койсо ордун толтурууга жетиштүү болот.

Дагы караңыз

Орусия ээлеп алган төрт украин аймагына өзүнүн 20 облусуна караганда үч эсе көп акча бөлдүКемпир-Абад иши: Прокурор ишти кайра кароого жөнөтүүнү өтүндүТрамп Ирандын энергетикасына сокку урууну 10 күн токтото турарын жарыялады100 млрд доллар айланткан криптовалютанын артында ким турат?