"Үч жарым жылда көп нерсени жоготтук". "Кемпирабадчылар" акталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда 20дан ашык саясатчы, активист жана укук коргоочулар айыпталган өлкөнүн тарыхындагы дагы бир чуулуу иш боюнча сот өкүмү чыкты. 27-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандарды актоо тууралуу райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык сотто иш дээрлик эки жылга жакын каралды. Айып коюлган саясатчылар кылмыш ишин саясий буйрук деп баалап келишет.