28-мартка караган түндө орус аскерлери Одессага дрон менен жапырт сокку урушту. Облустук администрация башчысы Сергей Лысак соккудан эки адам мерт кеткенин билдирди.
Бир адамдын сөөгү урандылардын алдынан табылган, экинчиси ооруканада каза тапты. Кеминде 11 адам жаракат алганы, арасында 9 жаштагы бала бар экени кабарланды.
Украинаны калыбына келтирүү боюнча вице-премьер-министр Алексей Кулеба Одесса облусунда порттогу инфратүзүм чабуулга кабылганын, дрон дан сакталган кампага тийгенин билдирди.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, шаардын өзүндө төрөт үйлөрүнүн биринин чатыры жабыркады, андагы 80 адам эвакуацияланды.
Приморскиде, Хажибей жана Киев райондорунда бир нече жер үй жабыркады. Бир катар көп кабаттуу үйлөрдө балкондору, терезелер сынган, өйдөңкү кабаттарда өрт чыккан. Жер үйлөр да өрттөнүп, ондон ашуун автоунаа зыянга учурады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский түн бою Одессага 60тан ашуун дрон чабуулу жасалганын билдирди.
"Эч кандай аскердик мааниси жок: бул карапайым жарандардын өмүрүнө карата чыныгы террор. Зыян тарткан объектилердин арасында төрөт үйү, турак жай имараттары, ишканалар, порт жана маанилүү инфраструктура болгон", - деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында.
Орус армиясы бул түндө Одессадан тышкары Полтава жана Днепропетровск аймактарын да аткылады. Полтаванын облустук администрация башчысы Виталий Дьяковнич билдиргендей, Полтава районунда дрон үйгө жана өнөр жай объекттерине тийген, бир адам мерт кетти.
Кривой Рогдо өнөр жай ишканасы жабыркаганы, мерт кеткендер жана жаракат алгандар бар экенин ишембинин таңында облус башчысы Александр Ганжа маалымдады.
Украин Аскер-аба күчтөрүнүн маалымдашынча, 28-мартка караган түндө Орусиядан Украинага 273 учкучсуз учак жиберилген. Анын 252си жок кылынган.
"21 дрон 18 локацияга тийгени жана тогуз жерге дрон сыныктары түшкөнү катталды", - деп жазылды маалыматта.
Орусия азырынча түн ичиндеги чабуул тууралу комментарий бере элек.