Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес.
Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.
Ага ылайык, Кадамжай районунда 345, Баткен районунда 340, ал эми Лейлек районунда 100 гектар кайракы, таштак жерлерди айдоо аянттарына айландырылат. Мындан тышкары тамчылатып сугаруу системасы менен Баткен шаарында 138, Кызыл-Кыя шаарында 10 гектар таштак жер жашылдандырылат.
Маалыматта айтылгандай, тамчылатып сугаруу системасы сууну гана эмес, минералдык жер семирткичтерди, адам эмгегин да үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт. Бул өзгөчө өлкөнүн сугат суу көйгөйлүү болгон аймактарындагы зарыл чаралардын бири.
Мындай долбоорлорду кеңейтүү айыл чарба тармагын өнүктүрүп, дыйкандардын кирешесин көбөйтүп, жерлерди арбын пайдаланууну шарттайт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл суу тартыштыгы болорун эскертип, дыйкандарды сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугарууга чакырган.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 16 миң гектар жерде иштеп жатат. 2030-жылга чейин 200 миң гектарга бул системаны орнотуу пландалган.
Мамлекет тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу үчүн акча бөлгөнү, каалоочуларга атайын лизинг берилери кабарланган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлүк программасынын маалыматына караганда, Борбор Азияда 2015-жылдан бери суунун табигый жолдор менен толукталып турушу 12 пайызга азайган.(JsA/ZKo)
Шерине