Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жол тескөөчүнү унаасын токтоткону үчүн орой мамиле жасап, чаап жиберген деген шек менен айдоочу кармалды.
Бишкек шаардык милициясы кабарлагандай, 27-мартта саат 15:00 ченде Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү документтерин текшерүү максатында токтоткон автоунаанын айдоочусу документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, орой мамиле жасаган. Мындан тышкары инспекторду төшүнө жана бетине чаап жибергени айтылды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында жол тескөөчүгө кол көтөргөн айдоочу кармалып, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат, укуктук баа берилген соң иш сотко жиберилет.
Кыргызстанда жарандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, Кайгуул күзөт кызматынын тескөөчүлөрүнө баш ийбей, аларга күч колдонгон учурлар арбын катталып келет.(ZKo)
Шерине