Ички иштер министрлиги (ИИМ) да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган инисинин экинчи ирет суракка чакырылганы тууралуу расмий маалымат бере элек.
Экс-депутат Шаирбек Ташиев 26-мартта милицияга чакырылганын анын тарапташы Орозбек Осмонов бышыктады. Ал Фейсбуктагы баракчасына экс-депутат ИИМге күбө катары барганын жазды:
"Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат".
Осмонов "Азаттыкка" экс-депутат "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага байланыштуу козголгон кылмыш иште күбө катары суралып жатканын билдирген.
ИИМ бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Министрликтин басма сөз кызматы маалымат болсо жөнөтүлөрүн гана айтуу менен чектелди.
Мындан улам түрдүү божомолдор жаралып, "саясий соодалашуу болуп жатышы мүмкүн" деген пикирлер дагы айтыла баштады. Мындай ойго талдоочу Марс Сариев дагы кошулат.
"Азыр Кыргызстанда туруксуздукка жол бербөө үчүн саясий деңгээлде макулдашууга аракет жүрүп жатат. Маселе президент да, Ташиев да бул конфликт экөөнө тең каршы иштеп жатканын түшүнө баштаганында. Андан сырткары бул каршылашуу алардын позицияларын алсыратууда. Ташиев кайтып келди. Менимче, буга чейин анын белгилүү аргументтери болгон, балким, маанилүү телефон сүйлөшүүлөрү да өткөн. Бул жерде коңшу өлкөлөрдүн ролу да аз эмес болушу мүмкүн. Геосаясий фактор да болушу ыктымал. Мен Ташиевдин жакын туугандарына карата катуу чаралар, мисалы, камакка алуу болот деп күтпөйм. Көбүнчө иш экинчи даражадагы фигураларды камоо менен чектелиши мүмкүн. Жалпысынан алганда азыр компромисске жана жарашууга карай багыт байкалууда".
Шаирбек Ташиев биринчи жолу 13-мартта ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгында сурак берип чыкканы белгилүү болгон. Анда дагы кайсы ишке байланыштуу чакырылганы айтылган эмес.
Анын алдында социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жаткан. "Мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча сүйлөшүүсү" делген тасма тараган. Эки мүнөттөн ашык видеодо Ташиевге окшош адам отурганы тартылган. Анын маңдайындагы адам Жусупбек Коргонбай уулу экени жазылган. Коргонбай уулу Ташиев менен кумарканага көп суммадагы каражат уттуруп жибергени тууралуу сүйлөшүү болгонун “Азаттыкка” ырастап, ал качан, кайсыл жерде болгону эсинде жок экенин айткан.
Журналист Адил Турдукулов дагы соңку жагдайдын саясий өңүтү бар экенин белгилейт:
"Бул жерде коррупция менен күрөшүү анчалык маани ойногон жок. Менин оюмча бул жерде чын эле саясий күрөш процесси болуп жаткандай. Анан алдын ала Ташиевди жана анын жактоочуларын, тарапташтарын сестентүү, бир жагынан, коркутуу, анан саясий күрөшкө аттандырбоо аракети болуп жаткандай да. Бирок чын эле бул жыйынтык береби же, тескерисинче, ошол Ташиевдин тарапташтарын өзүн дагы саясий чабуулга көбүрөөк шыктандырбайбы деген дагы күмөн ойлор бар. Ошондуктан бул жерде абдан этият мамиле жасап, чындыгында компромисс жолу менен, сүйлөшүү жолу менен бир жыйынтык чыгаруу туура болот го деген ойдомун".
Ал арада "Кыргызнефтегаздагы" коррупцияга байланыштуу камакка алынды делген Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Айрым маалымат каражаттары ал 25-мартта ИИМге суракка чакырылып, андан соң кармалганын жазышкан.
Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында экени кабарланган. Тургунбаев же анын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.
ИИМ бул маалыматты тастыктаган дагы, четке каккан дагы эмес.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, Ташиевдерге коррупцияга байланыштуу айып коюу оңой-олтоң болбойт:
"Ташиевдер "Кыргызнефтегазга" байланыштуу сурак берип жатышкандай. Андан сырткары, Ташиевдин топтогон байлыгы жөнүндө Шаирбек Ташиев көрсөтмө берип жатышы мүмкүн. Ал байлыкты каяктан алды, кантип чогултту, кайсы бизнестин эсебинен тапты дегендей суроолор берилсе керек. Камчыбек Ташиев өзү баягы 75 адамдын арызына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары өттү деп айтылды. Эми булардын ошол иштерге түздөн-түз тиешеси бар-жогу, кылмыш кылганынын түз далилдери жок болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу булар күбө катары суракка барып жатышса керек. Бирок башка бир топ адамдар дагы сурак берип жатат, кирип чыгып жатат да. Алар жөнүндө эч кандай маалымат жок. Эми Ташиевдер соодалашууга барып жатат деп айта албайм. Аларга кылмыш иши деле козголбошу мүмкүн. Анткени ошол компанияларга түздөн-түз жетекчи болушкан жок, алардын колу коюлган жок. Бирок Ташиев кызматта турганы үчүн гана булар тендерлерден утуп, бизнесте жеңилдиктер болду да. Башкаларга караганда буларда мүмкүнчүлүктөр көп болду. Ошол учурдан пайдаланышты".
16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялап, аны УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге жана анын туугандарына байланыштырды. Салык мекемеси ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 4 млрд сомдон ашык зыян тартканын жарыялаган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткон. Бул окуядан кийин өлкөдө бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болуп, ошол кездеги парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир топ депутаттар "өз арызынын негизинде" деген жүйө менен мандаттарын тапшырган.
14-мартта Шаирбек Ташиев дагы депутаттык мандатын "саясий стабилдүүлүктү сактоо үчүн" тапшырганын жарыялаган.
Дээрлик бир ай чет өлкөдө жүргөн УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекке келип, ИИМдин Тергөө кызматында беш сааттай сурак берген. Эмне маселе боюнча чакырылганы тууралуу мекеменин басма сөз кызматы расмий кабарлаган жок. Айрым маалыматтарга караганда, аны "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу сурашты. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.
Шерине