мазмуну
- Хуси козголоңчулары (АКШ террордук деп тапкан) акыркы 24 сааттын ичинде Израилге каршы экинчи жолу ракета учурду. Иранды колдогон йемендик топтун бул кадамы Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөтүп жибербейби деген кооптонууларды жаратты.
- Израил да Иранга каршы чабуулдарын күчөтүүдө, 28-марттын кечинде Тегерандагы объектилерге сокку урду.
Ал тапта Тегеран "кас эмес" мамлекеттердин кемелерине Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат берерин жарыялады.
Израил болсо Иранга каршы чабуулдарын күчөттү, 28-марттын кечинде Тегерандагы объектилерге сокку урду. Ошентип аймакта согуш күчөп баратат.
Вашингтон күч топтоону улантып, Жакынкы Чыгышка 3500дөн ашуун аскерин жиберди. АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, аймакка жөнөтүлгөндөрдүн 2500ү деңиз аскерлери.
АКШнын ысымы аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен Washington Post гезити Пентагон Иранда бир нече жумага созула турган кургактагы операциялар планын даярдап жатканын жазды.
Ак үй бул маалыматты ырастап же четке каккан жок, бирок мындай даярдыктарды күтүлбөгөн кырдаалдарга байланыштуу пландоо аракети катары түшүндүрдү.
АКШда террордук уюм деп таанылган хуси козголоңчуларынын аракети Америка менен Израил баштаган согуш күчөп кетиши мүмкүн деген коркунуч туудурат. Анткени азыр Иран Перс булуңундагы америкалык аскер базалары жайгашкан араб мамлекеттерин бутага алып жатат. Андан да алыскы жерлерди, мисалы, Кипрди, Инд океанындагы Диего Гарсияны бутага алышы ыктымал, бул жерде Улуу Британиянын аскердик базасы бар.
Хусилердин өкүлү Яхья Сари топ Израилдеги "бир нече маанилүү жана аскердик объектилерди бутага алган ракеталар жана дрондорду учурганын" айтты. Бул аракет "Иран менен Ливандагы "Хезболла" тобу жүргүзгөн аскердик операцияларга туш келгенин кошумчалады.
Йемендин Сана шаарында хусилердин Иранга тилектештик билдирген акциясы. 27-март
Израилдин аскерлери Йемен тараптан ракета атылганын ырастап, алар Эйлат шаарынын аймагына жете электе кармалганын жарыялады.
Иран тарабынан көп жыл бою курал-жарак менен камсыздалып жана каржыланып келген хусилер согушка катышуудан баш тарткан, бирок алардын ракета учурганы Йемендеги Баб аль-Мандаб кысыгы бөгөттөлүшү мүмкүн деген кооптонууларды жаратты. Себеби, бул кысык аркылуу дүйнөдөгү мунайдын болжол менен 10 пайызы Суэц каналына өтөт.
Согуш башталганы Иран Ормуз кысыгын бөгөттөп, дүйнөлүк базарга мунай жеткирген танкерлер токтоп турат.
Бир күн мурун телекөрсөтүүдөгү кайрылуусунда Сари Иранга кол салуулар улана берсе же согушка башка тараптар кошулса, "түздөн-түз аскердик кийлигишүүгө даярбыз" деп айткан.
"Көп багыттуу согуш"
Израилдин аскерлери Ирандын Деңиз өнөр жай уюмунун объектисине сокку урганын билдирип, бул кадамын аталган ишкана аскердик, деңиз курал-жарактарын иштеп чыкканына байланыштырган.
Израил армиясынын өкүлү, генерал Эффи Дефрин Ирандын курал өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү "бир нече күндүн ичинде" талкаланарын айтты.
"Биз көп багыттуу согушка даярданып жатабыз", - деди Дефрин.
Ошол эле маалда Израил Ливанда Иран колдоо көрсөтүп келген "Хезболлага" каршы абадан жана кургактагы операцияларын баштады.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өз өлкөсүнүн инфраструктурасы же экономикалык жайлары бутага алынса, ага катуу жооп кайтарыларын эскертти.
АКШнын президенти Дональд Трамп болсо аймакта деңиз аскерлерин жана парашютчулардын санын көбөйтүүнү тапшырган. Алар азыр аймакта турган жана АКШнын базаларына жайгаштырылган 50 000 аскерге кошумча күч катары жөнөтүлгөн.
Пакистан Ормуз аркылуу өтүүгө уруксат алды
Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар Иран Ормуз кысыгынан Пакистандын желеги астында дагы 20 кеменин өтүшүнө макул болгонун, эки кеменин күн сайын өткөрүүгө уруксат берилгенин айтты.
Пакистан өкмөтү Иран менен АКШнын ортосунда ортомчу болууда. АКШнын тынчтык планын Тегеранга жеткирген. Пакистан бийлигии 29-30-мартта Сауд Арабиясынын, Түркиянын жана Мисирдин тышкы иштер министрлерин кабыл аларын жарыялады.
Пакистан Иран менен чектеш өлкө, тараптардын чек арасы 900 чакырымга созулат. Пакистанда шиялар көп. Ирандын калкынын басымдуу бөлүгүн да шиялар түзөрү белгилүү.
Исламабад ошондой эле АКШнын өнөктөшү - бирок терроризмге каршы күрөшүү сыяктуу маселелерден улам эки тараптын алакасында көп учурда чыңалуу пайда болот. Пакистан Перс булуңундагы араб мамлекеттери менен да тыгыз байланышта.
АКШ ушул аптада Иранга согушту токтотуунун 15 пункттан турган планын жиберген.
Израилдик 12-каналдын маалыматына караганда, документте Иран өзөктүк курал менен уранды байытуудан баш тартып, байытылган урандын корун жана бардык маалыматты Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттикке өткөрүп бериши керек, Натанз, Исфахан жана Фордодогу өзөктүк объектилерин жок кылып, аффилирленген топторду каржылоону токтотушу, Ормуз кысыгын ачып, ракета учурууну чектеши, алардын аралыгын кыскартышы, аны коргонуу максатында гана колдонушу керек деген талаптар кымталган.
The Bangkok Post гезити жазгандай, Тегеран Тайланддын мунай тарткан танкерлеринин кысыктан өткөрүүгө да көнгөн. Бирок бул кабар расмий бышыктала элек.
28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам мерт болгону кабарланган. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада аймакта кырдаал курчуп кеткен.
Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана АКШнын Перс булуңундагы аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен чабуул коюп келет.
Израил Ирандан тышкары, Ливанда Иран колдогон "Хезболла" тобуна байланышы бар объектилерге сокку уруп жатат.
Иран ушул тушта дүйнөлүк мунайдын маанилүү бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп турат. Мындан улам мунайдын дүйнөлүк баасы кымбаттады. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.