Орусия британиялык дипломатты чалгын ишине айыптап өлкөдөн чыгарууда

Орусия, Москва

Британиянын элчилигинин экинчи катчысы Янса Жерардусту "чалгын ишмердигине" айыптап Орусиядан чыгарганы жатышат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФБР) таянып билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жерардус виза алууда туура эмес маалыматтарды көрсөткөн. Мындан улам анын дипломаттык каттоосу жокко чыгарылып, Орусиядан чыгып кетүү үчүн эки апта убакыт берилген.

Британ Тышкы иштер министрлиги кызматкерин чыгаруу чечимине байланыштуу комментарий бере элек.

Акыркы жолу Орусия 2026-жылдын январында "британ атайын кызматы менен байланышы бар" деген негизде Англиянын элчилигинин дагы бир кызматкеринин каттоосун чакыртып алган.

2025-жылдын мартында британиялык эки дипломат Орусиядан чыгарылган. 2024-жылы да тараптар бири-биринин дипломаттарын чыгарышкан.

Дагы караңыз

Жогорку окуу жайларга чет элдиктерди кабыл алуу борбору түзүлөтПакистан АКШ-Иран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө камданып жатканын билдирди "Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган Бекжан