Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Пакистан АКШ-Иран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө камданып жатканын билдирди

 Мухаммад Исхак Дар
Мухаммад Исхак Дар

Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар өз өлкөсү АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрүн жакынкы күндө өткөрүүгө даярданып жатканын жарыялады. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Америка менен Иран бул сүйлөшүүлөргө катышууга макулбу-жокпу, кабарланган жок.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф буга чейин Исламабаддагы сүйлөшүүлөргө камылганын алкагында 28-мартта Ирандын президенти, "боордош Масуд Пезешкиан менен телефондон бир сааттан ашык сүйлөшкөнүн" айткан.

Мурдараак Исламабадда Сауд Арабиясы, Түркия жана Мисирдин дипломаттары жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу планын талкуулашкан.

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул 27-мартта АКШ менен Ирандын Пакистандагы түз жолугушуусу жакында күтүлүп жатканын айтып, бул маалыматтын булагын тактаган эмес.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп болсо 29-мартта Тегеран Вашингтондун 15 пункттан турган тынчтык планына макул болгон өңдөнөт деп билдирген.

Washington Post гезити өзүнүн анонимдүү булактарына таянуу менен АКШ Иранда жердеги операцияларды даярдап жаткан болушу ыктымалдыгын жазган. Тынчтык келишиминин варианты ачык сунушталганына карабай, Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШнын дарегине ушундай айып айткан.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы биргелешкен операция баштап, сокку ургандан кийин курчуп кетти. Чабуулдун биринчи күнүндө Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи баштаган жетекчилер өлтүрүлгөн, аскердик жана өзөктүк объектилерге зыян келтирилген.

Иран буга жооп кайтарып, АКШнын Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан аскердик базаларына сокку урууда. Тараптар бири-бирине чабуулдарын улантып жатышат. Согуш качан токтору азырынча белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG