Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) Израилдин өткөн аптадагы соккусунан деңиз күчтөрүнүн командачысы Алиреза Тангсири каза тапканын бышыктады.
Сакчылар корпусуна таандык Sepah News сайтынын 30-марттагы маалыматына ылайык, адмирал “жаракаттардан көз жумду”. Израил 5 күн мурун анын Ормуз кысыгындагы Бандар Аббас портундагы чабуул маалында өлтүрүлгөнүн маалымдаган.
IRGC тараткан билдирүүдө Тангсиринин “аралдарда жана деңиз жээктеринде коргонуу позицияларын күчтөндүрүүнү уюштуруп жаткан учурда” бутага алынганы жана “оор жаракаттардан” өлгөнү айтылат.
Адмиралдын ордун ким басары кабарланган жок.
2019-жылдын июнунда АКШнын Финансы министрлиги Тангсирини “глобалдык алкакта коркунуч жараткан террорчу” деп тааныган.
Корпустун деңиз флоту Иран армиясынын деңиз күчтөрү менен катар иш алып барат жана көп учурда Перс булуңундагы, Ормуз кысыгындагы кемелерге кол салуу менен "партизандык" согушка адистешет.
АКШ менен Израил Иранга каршы операциясын баштагандан бери Ислам жумуритянын бир катар жогорку жетекчилери, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчылары жок кылынган.