Буча кыргынын эскерүүгө Европанын башкы дипломаттары катышууда

Буча. 2022-жылдын 1-мартында тартылган сүрөт.

Бүгүн 31-мартта Украинанын Буча шаарынын орус аскерлеринен бошотулушунун төрт жылдыгын эскерүү иш-чараларына Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери да катышууда. Киевге Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас баштаган делегация барды.

Эскерүү иш-чараларынан тышкары алар украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, кызматташтык маселелерин талкуулоодо. Еврошаркеттин каржылык жардам берүүсүн бөгөттөп жаткан Венгрия темасы, ок атышууну токтотуудан кийин Орусияны согуш кылмыштары үчүн жазага тартуу маселелери да каралат.

Киев облусуна караштуу чакан Буча шаары Орусиянын Украинага толук масштабдуу согушу башталгандан беш жума өткөндөн кийин, 2022-жылдын 31-мартында бошотулган. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, Бучадагы оккупация учурунда 458 жайкын тургун каза болгон, алардын 419ун атып же кыйнап өлтүрүшкөн. Буча орус аскерлеринин мыкаачылыгынын символуна айланган.

Украин бийлиги Буча окуяларын геноцид деп жарыялоо зарылдыгын айтып келет. Орусия айыптоолорду четке каккан.

Орус аскерлери бул шаарга 2022-жылдын 27-февралында кирип барышкан. Калаа толук бошотулганын мэр Анатолий Федорук 31-мартта жарыялаган.

Дагы караңыз

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктадыЖаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк боюнча түшүндүрмө берилди"Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган Бекжан