Орусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 учагы кулап, 30 киши каза тапты

Ан-26 учагы. 2018-жылы тартылган сүрөт

Орусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 аскердик учагы кыйрап, 30 киши каза тапты.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен ТАСС жана "Интерфакс" билдирди.

Кийинчерээк Орусиянын Тергөө комитети борттогу 30 кишинин жетөө экипаж мүчөсү, 23ү жүргүнчү экенин тактады.

Мекеме буга чейин 31-мартта кечки саат 18.00гө чукул пландык учууну аткарып жаткан учак менен байланыш жоголгонун жарыялаган.

Учактын калдыктарын издөө-куткаруу тобу тапкан. Орус Коргоо министрлиги кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу ыктымал экенин билдирди. ТАСС жана РИА Новостиге булактар учак аскага урунганын кабарлаган. Башка маалымат бериле элек.

Тергөө комитети учуу эрежесин бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Аскердик тергөөчүлөр, криминалисттер, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Бахчисарай районунун тоо-токойлорунда издөө ишин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Ан-26 – жеңил аскердик учак, ал жүк, техника жана жеке курамды ташууда колдонулат.

Дагы караңыз

Трамп "Иранга каршы операция 2-3 жумада аякташы мүмкүн экенин" айтты Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк маселеси ЖКда көтөрүлдү