Айтилек Орозбаевдин видеолоруна комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалат

Айтилек Орозбеков

Бишкектин Свердлов райондук соту 1-апрелде тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековдун иши боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, блогердин соцтармактардагы видеолоруна комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалышы керек.

Адвокат Жаныш Бараковдун "Азаттыкка" түшүндүргөнүнө караганда, комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалып, иш кайрадан каралат.

Буга чейин блогердин постторуна прокуратуранын лингвисттери экспертиза жүргүзүшкөн. Кийинчерээк көз карандысыз лингвисттер жүргүзгөн экспертизанын корутундусу алгачкысына карама-каршы келип калган.

Мурунку соттук териштирүүдө прокуратура блогерге жалпы жонунан 200 миң сом айып пул салууну соттон сураган.

Блогер Айтилек Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы каналында "Куликов" кофеканаларынын бири жөнүндө видео чыгарган. Ал кондитердик жай башка бир жаранды "кыргызча тейлебейбиз" деп чыгарып коюшканын айтып, андан соң телефон аркылуу компаниянын операторунан кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылган. Видеонун соңунда блогер "Куликов кофеканасына кыргыз тилин сыйлабагандыктан келбөөңүздөрдү өтүнөм" деп чакырган.

Бул окуядан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыккан.

Иш тергелип бүтүп, былтыр июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып баштаган. "Куликов" ишканасы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Окуя быйыл январдын башында ачыкка чыгып, коомчулукта кеңири резонанс жараткан.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары кондитердик компанияга бойкот жарыяласа, кээ бирлери, тескерисинче, бул ишканага колдоосун билдиришкен.

Соңунда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Орозбеков элдешип, компания соттон арызын кайтарып алган. Бирок соттук териштирүү токтобой турганын, судья же актаган же айыптаган өкүмүн жарыялашы керектигин блогердин адвокаты билдирген. (DSh/ZKo)

Дагы караңыз

Рубио: АКШ НАТО менен мамилесин кайра карап чыгышы керек Бишкек: 1-класска окуучуну катталган жериндеги мектеп гана кабыл алатЭлвира Сурабалдиева мамлекетке алынган мүлктөр боюнча маалымат берилиши керектигин айттыИрандагы согуш эки-үч жумада токтойбу?Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк маселеси ЖКда көтөрүлдү