"Үнүбүздү ким угат?" ВИЧ жуккан балдардын энелери президентке кайрылды

20 жыл мурун Оштогу жан Ноокаттагы ооруканада ВИЧ жуккан 422 баладан азыр 361и дарыгерлердин көзөмөлүндө. Айыккыс дартка чалдыккан 61 бала каза болуп калды.

Мындан 20 жыл мурун Оштогу балдар ооруканасында наристелерине жапырт ВИЧ жуккан энелер өкмөттөн толук кандуу кенемте алалбай келгенин даттанып, кайрадан бийликке кайрылды.

Ондон ашуун эне көкүрөккө кыттай уюган көйгөйүн президенттин өзүнө айтабыз деп Оштон Бишкекке келип, бирок айып пулга жыгылып кайра кетишти. "Бийликке үнүбүз жетпей жатат" деген апалар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесине барып арызданышты. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекке келген энелер менен жолугуп, маселени чечүү аракеттери көрүлүп жатканын бидирүүдө.

"Арыз, кайрылуу жаза берип чарчадык"

2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасынан жана Ноокат райондук ооруканасынан эки жашка толо элек ондогон наристеге ВИЧ илдети жукканы аныкталган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы чоң трагедия болуп калды. Иликтөөлөрдө илдет ымыркайларга ийне сайып, кан куйган учурда дарыгерлердин шалаакылыгынан жукканы айтылып, соттук териштирүүлөр жүргөн. Алгач ВИЧ 20дай наристеге жукканы аныкталып, кийин бул сандар 422ге жеткен. Кийин соттук териштирүүлөр жүрүп, айрымдарына өкмөт кенемте төлөп берген эле. Бирок көпчүлүгү дале кенемте алалбай жүргөнүн айтып келет.

Мындан 20 жыл мурда ооруканадан балдарына ВИЧ жугуп калган Ноокат, Кара-Суу райондорунда жашаган 15тей эне өткөн аптада кайрадан Бишкекке келишти. Ушул эле апалар балдары ымыркай кезинде дагы Бишкекке утур каттап, дарыгердин шалаакылыгынан дарт жуккан үчүн мамлекеттен кенемте талап кылган ондогон энелердин катарында болчу. Балдары бой жетип калса дагы ошол талаптары аткарылбай, ара жолдо калышканын айтып жатышат. Бул жолу алар мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кабыл алуусун суранып, маселени президенттин өзүнө айтып берүүнү көздөшкөн. Бирок алар бул жолу дагы президентке үнүн жеткире алышкан жок. Ынтымак орндонун алдына барып мамлекет башчыга жолуктурууну талап кылганы үчүн "тартип бузду делип" тескерисинче айып пулга жыгылышты.

Ноокаттан келген энелердин бири Феруза (аты өзгөртүлдү) окуяны мындайча айтып берди:

"Буга чейин ар бир министр алмашкан сайын барып жолугуп келгенбиз. Бирок эч нерсе чечилген эмес. Ынтымак ордого барып, кабылдамадан президенттин өзүнө жолугабыз деп айттык. Ага жолуктура албай тургандарын айтып, кат жазып кете бериңиздер дешти. Биз 20 жылдан бери кат жаза берип чарчаганбыз. Биздин балдар турмуш кура турган убакка келип калды, жазган катыбызга алгылыктуу жооп болгон эмес деп баш тарттык. Саламаттык сактоо тармагы боюнча координаторду чакырышты. Биз келген сайын ушул киши менен жолугабыз, буга айта турган сөзүбүз жок, биздин маселени бир гана президент чече алат деп туруп алдык. Ошентип күтүп жүрүп дагы бир балабыздан жакында айрылып калдык. Саат үчтө прокуратура, өкмөт, соттун өкүлдөрү кабыл алат дешти. Алар бизге келип эле "бул жер чогула турган жер эмес, эмнеге тополоң кыласыңар" деп кыйкырып киришти, оюнчуктай тебелеп киришти. Ошондо биз дагы кыйкырдык, ызы-чуу болуп кетти. Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары келип жаңы министр дайындалганын айтып, ошол жакка жолугушууга алып кетишти. Ал жерде 21:00гө чейин күттүк. Бизди жаш баладай алдашты. Энелер түнү менен жол жүрүп, Ынтымак ордодо кезерип күтүп, чай дагы ичишкен эмес. Басканга алы келбей калды, ал күнү эптеп жатар жер таап алалы деп тарадык. Эртеси дагы түз эле Ынтымак ордого бардык. Биздин маселени президенттен башка киши чече албайт деп кайра ошол жерде ызы-чуу башталды. Мыйзам буздуңар деп 13 энеге 50дөй тартип коргоо кызматкери келип, бизди машинага сүйрөп, тыгып алып кетишти", - деди ноокаттык эне.

Балдарына ВИЧ жуккан энелер Бишкекке келип, бийликке кайрылды. 24-март, 2026



Анын айтымында, Ленин райондук милициясы ишти тергеп сотко өткөргөн.

"Биз же адам өлтүрбөсөк, уурулук кылбасак, коррупцияга барбасак... Камасаңар бардык 13 энени камагыла деп туруп алдык. Кечки саат 8 болуп кетти. Ленин райондук сотуна бардык. Кол койбой койдук. Биз ызы-чуу болдук, бакырдык, кыйкырдык, бирок эч нерсени талкалаган жокпуз. Болгону эшикти ачабыз деп аракет кылдык. Энелердин колу-буту көгөрүп кетти. Биз болгону үнүбүздү президент, жогорку бийлик уксун деген максат менен эле бардык. Башка максатыбыз жок эле. Сотто түнкү саат 23:30 болду. Бирок биз үчүнчү күнү дагы Ынтымак ордого бардык. Ал күнү андан дагы көп милицияны тизип коюптур. Түштөн кийин саламаттык сактоо министри кабыл алат деген кабар келди. Үчүнчү күнү энелер аябай чарчап калышкан, министрди угууга макул болдук. Министр анын колунан эч нерсе келбей турганын, силердин балдарыңардыкы деле башка ДЦП, гепатит, кургак учук сыяктуу эле оору, башка айырмасы жок деп 6-7 мүнөт сүйлөп чыгып кетти. Анын сөзү энелерге катуу тийди, жаккан дагы жок. Биздин маселени чечпейт экен эч ким деп, БУУнун имаратына бардык. Ал жерге арыз, кайрылуу жазып кете бердик. Азыр кар жиреген балага, суу кечкен мугалимге, төрттү төрөгөн келинге деле жардам берип жатышат. Биздин балдарга мамлекеттик ооруканалардан оору жукпаганда басып дагы келбейт элек", - деди күйүккөн эне.

Балдарына 20 жыл мурда ооруканадан ВИЧ жуккан энелердин он чактысы үнүн бийликке жеткирүүнү, укуктарын коргоп берүүнү суранып БУУнун Бишкектеги кеңсесине арыз ташташканын билдиришти.

Бишкектин Ленин райондук милициясы 23-24-мартта болгон окуя боюнча маалымат бере элек. Сот аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде 5,5 миң сом айып пул салганы белгилүү болду.

"Биз кылмышкер эмеспиз, көкүрөктөгү көйгөйдү гана айталы дедик"

Кара-Суудан келген энелердин бири Алмакан (аты өзгөртүлдү) мындай дейт:

"Бизге мыйзам иштебейт экен. Ынтымак ордодо деле ушулар баштап атат деп жөн эле сотко өткөрүп койду. Эми биз көйгөйдү айтып ыйлайбыз да. Негизи келип арыз жазып кеткиле деп кат келди дешкен. Биринчи күнү бизди алдап-салдап эптеп кетиришти. Экинчи күнү президентке арыз жаздым. Мурда дагы аракет кылабыз деп укчу эле, азыркы министр азыр элдин жүрөгү ооруп, инсульт болуп атышат силер деле ошолор менен бирдейсиңер деп, мен жардам бере албайм деп чыгып кетти. Биз үстөк пайызы жок ипотекага үй бергиле деп суранганбыз, азыр үйлөнгөн балдар дагы бар, бир баласы экөө болду. Экөөнө тең ооруканадан ВИЧ жуккан. Азыр балдар окуп калды жогорку окуу жайда, канчалаган акылдуу балдар чет өлкөгө чыга албай отурушат. Менин балам го оорукчан болуп, үйдөн чыга албай отурат. Башкалар максатына жетпей жатышат. Биз балдар үчүн камалса камалалы дедик. Үнүбүз жетпей жатат бийликке", - деди Мырзагүл.

Чырылдаган эки апанын тең кызына 2007-2008-жылдары 1 жашка толо элек кезинде Ош облустук ооруканадан ВИЧ жукканы аныкталган. Ош облусунун тургуну Алмакандын кызына дагы оору үч айлык кезинде жуккан. Ошол учурда алар Ош облустук ооруканасына кызынын ичи өтүп жаткан экен.

“Кызым үч айлыгында облустук ооруканага түшкөнбүз. Кийин кургак учук болуп жатып калганда билинди жандандыруу бөлүмүндө. 8-10 жылга чейин билинбейт экен. Ошондон бери эле чуркап жүрөбүз. Андан кийин эле кулактан кетти, көбү ушундай экен. Дары көп ичкендиктен боор, бөйрөгүнө күч келип кыйналып жатышат азыр балдар. Мурду, кулагы канайт. Кызымдын мурду канайт, мен аябай кыйналам. Ооруканага барсак Б20 деп укканда эле жакшы кабыл албайт. Азыр кызым 20га чыкты. Кыздарды кимге беребиз деп ойлонобуз. Биздин балдардын тагдырын чечип беришсин. Биз ЛОР дарыгерге көп кайрылабыз, биздин ооруну укканда эле мамлекеттик ооруканалар качышат. Менчиктер кымбат. Дарылары кымбат. Бизге үй берилсе, компенсация жана жөлөк пулу көтөрүлсө дейбиз. Мен 5400 алам, 2-топтогулар 6600 алат экен. Азыр маселебиз чечилбей жатат, соттон сотко барып эле жүрөбүз. Чет жакка чыга албай жатышат. Кызым азыр дайыма мага муктаж. Кызымды карайм деп кыйналдым, оорукчан дагы болуп калдым. Эгер мамлекет карабайбыз десе анда кызымды сакайтып, 20 жылдык мээнетимди кайтарып беришсин. Же экөөңөр тең керек эмессиңер деп өлтүрүп коюшсун, башка нерсе айта албай калдым", - деп каңырыгы түтөдү Алмакандын.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова учурда энелердин суроо-талаптары каралып жатканын, айрым маселелерди чечүү министрликтин ыйгарым укуктарына кирбей турганын "Азаттыкка" билдирди.

Гүлбара Ишенапысова.

"Балдар дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз болуп келишет. Бирок балдар чоңойгон сайын алардын социалдык муктаждыктары өзгөрүп келет. Буга чейин депутаттар менен чогуу бир жолку төлөнчү 100 миң сом кенемте төлөнгөн. Андан сырткары жөлөк пул, майыптык алууга дагы Саламаттык сактоо министрлиги жардам бергенбиз. Энелер бизге кайрылган үчүн биз көтөрүп, парламентке, өкмөткө жеткиргенбиз. Буга чейин министр менен кандай деп сүйлөшкөн, эмне убада кылынса биз жоопкерчилик ала албайбыз. Бул жолу үч күн көнүл бурдук, ошого карабай Ынтымак ордого барып өкмөткө дагы айта турган сөзүбүз бар деп, ушундай кырдаал болуп кетти. Министр Дамирбек Осмонов өзү кабыл алды, энелер талаптарын, үй алуу, буга чейин Оштун губернатору, мэр менен дагы жолугушуп келишкенин айтышты. Биз ар бир министрлик менен чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Анткени алар талап кылган нерсе жалгыз эле Саламаттык сактоо министрлигинин колунда эмес. Энелерди Бишкекке келтирбей жеринде жолугушуулар өткөрүү боюнча дагы тапшырма алып жатабыз. Жергиликтүү бийлик дагы өкмөткө кайрылуу жасаса жакшы болмок, ошолор менен чогуу чечебиз деп ойлойм. Алардын көйгөйүн, абалы кандай, канча дары иче турганын, психо-эмоцианалдык абалын мен медик катары жакшы түшүнөм. Азыр майыптыгы боюнча 6 миңди 10 миңге көбөйтүп жатат, ушундай жылыштар бар. Бул бир күндө чечилип кала турган маселе эмес. Азыр энелер 700 миң сом кенемте алуу боюнча кайырылышты, ал кандай шартта чечиле турганын айта албайм. Азыр ал каралууда. Аны дароо эле өкмөткө эмес тийиштүү министрлик менен талкуулап анан өкмөткө сунушташыбыз керек", - деди министрдин орун басары.


2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасынан жана Ноокат райондук ооруканасынан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ жукканы аныкталган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы чоң трагедия болуп калды. Иликтөөлөрдө илдет кан куюу жолу менен дарыгерлердин шалаакылыгынан жукканы айтылып, соттук териштирүүлөр жүргөн. Алгач ВИЧ 20дай наристеге жукканы аныкталып, кийин бул сан 422ге жеткен.


Дарт жуккан балдардын көбү Ош, Манас шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Айрымдары чөйрөсүндөгү кодулоодон башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Кыргызстанда ВИЧти ооруканадан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирип, ата-энелерге бир жолку төлөнчү 100 миң сомдон берилген.

Ушул мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өмүрү дарыга байланган улан-кыздарды маселеси каралып, жөлөк пулу көтөрүлүшү керек деп эсептейт:

"Учурунда ар биринин жагдайы өзүнчө каралган. Энелердин айрымдары сокто кайрылып утуп, соттун чечиминин негизинде 2 млн алгандар дагы бар. Албетте 100 миң сом өтө аз, аны дагы түшүнүп жатам. Бирок бул мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша болгон. Аларга жардам токтобош керек, өкмөт жөлөк пулду көбөйтүү зарыл. Анктени азыр кайрылып жаткан энелердин балдары өздөрү оорулуу болгон жок, ооруканадан жуктуруп жатышат. Ошондуктан сөзсүз мамлекет жардам бериши керек. Анткени булардын көйгөйү чоң", - деди эл өкүлү.


ВИЧ - иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жугузуп алган адамдар көп жыл бою - 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт жана кийин адам тез-тез ооруйт.


ВИЧ менен күрөшүүдө Кыргызстанга эл аралык уюмдар жардам берип келген. 2025-жылы эл аралык программаларды каржылоо азайган же токтогон. Учурда Кыргызстанда ВИЧке каршы күрөшүүдө дары-дармекке кеткен каражаттын 80% мамлекет бөлүп берет. Балдарга 2-топтогу майыптык берилип, айына 6600 сом жөлөк пул алат. Балдарынын дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты жашыруу үчүн жөлөкпул алуудан баш тарткан ата-энелер дагы бар.

Балдардан жапырт ВИЧ аныкталган 2007-2008-жылдардагы окуядан кийин айрым үй-бүлөлөр бузулуп, энелер оорулуу баласын кучактап жалгыз калышкан.

2007-2008-жылдары ооруканадан жапырт ВИЧ жуккан балдардын баары эле ооруну көтөрүп кете алган эмес. Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө республикалык борборунун (СПИД борбору) маалыматына ылайык, 422 баладан азыр 361и дарыгерлердин көзөмөлүндө. Айыккыс дартка чалдыккан 61 бала каза болуп калды.


2007-жылы жайында Ош аймагында балдардын жапырт ВИЧ илдетине чалдыкканы тууралуу маалымат чыккандан кийин Башкы прокуратура иликтөө жүргүзгөн. Алгач Ош жана Ноокаттагы балдар ооруканасында иштеген 14 медициналык кызматкерге «жумушуна шалаакы мамиле жасаган» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту дарыгерлердин төртөөнү актап, бирөөнүн ишин кыскарткан болчу. Дагы төртөөнү ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратып, сот залынан камакка алганы бар. Калган бешөө 3 жылдан 5 жылга чейин шарттуу кесилген эле. Козголгон кылмыш иши Жогорку Сотко чейин жетип, териштирүү беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө төрт жылга кесилген. Анын эки айын алар тергөө абагында өткөрүшкөн. Кылмышка тиешеси бар деп жоопко тартылган дарыгерлердин айрымдары учурда ишин кайрадан улантууда.

Бул каргашалуу окуя кыргыз медицинасындагы чоң кемчиликтерди ачыкка чыгарып, катуу резонанс жараткан. Узакка созулган териштирүүлөрдөн кийин өкмөт ооруканадан балдарына ВИЧ илдети жуккан онго жакын аялга Ош шаарынан үй берген.