Ички иштер министрлиги 1-апрелде "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга байланышкан иш боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Буга чейин ИИМ УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалганын кабарлаган.
Мекеме соңку маалыматында: "Тергөөдө мунай ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат", - деп билдирди.
ИИМдин билдирүүсүндө, "тергөө иштери уланууда, мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шаирбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү керек".
18-мартта милиция "Кыргызнефтегаздагы" коррупцияга шектүүлөр кармалганын, башка адамдар да аныкталып жатканын билдирген.
ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы, бул ишти ачууга Мамлекеттик салык кызматынын жана аудитордук текшерүүнүн материалдары себеп болгону буга чейин айтылган.
25-26-март күндөрү Ташиев күбө катары суракка алынып жатканы кабарланган.
1-апрелдеги сурактан кийин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында анын макамы күбөдөн шектүү болуп өзгөртүлүп, кармалды.
Февраль айында “Азаттыкка” курган маегинде Шаирбек Ташиев мыйзам бузбаганын, тергөөгө чакырса жооп берүүгө даярдыгын билдирген.