Тилден чыккан чыр: Айтилек Орозбаевдин видеолоруна кайра экспертиза дайындалат

Айтилек Орозбековдун соту

“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренеси  менен айыпталып жаткан Айтилек Орозбековдун иши 1-апрелде Свердлов райондук сотунда каралды. Судья Азамат Жумагулов кайрадан комиссиялык эксперттердин корутундусу зарыл экенин айтып, чечим чыгарылган жок.

30 жаштагы активист социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн 2025-жылдын май айында кармалып, сот иштери уланып келе жатат. Орозбеков өзүнүн YouTube каналында жайгаштырган видеолордо улут аралык кастыкты козутуу фактысы жок экенин айтып келет.

Тил маселесин көтөрүп келген блогер Айтилек Орозбековго “улут аралык кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонуна бир жылга жакындап, 1-апрелде соттук отурум улантылып, Айтилекке акыркы сөз берилди. Сотко келгендердин баары акыркы сөздөн кийин чечим чыгат деген үмүттө турушкан.

Ишти караган судья Азамат Жумагулов кабыл алган токтомун окуп, буга чейинки лингвистикалык эксперттердин корутундулары бири-бирине карама-каршы келгенин жүйө кылып, Орозбековдун жарыялаган видео тасмаларына комиссиялык лингивист эксперттердин тобунун корутундусу зарыл деген чечим чыгарды:

"Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы соттун кароосуна келип түшкөнгө чейин бул иш өндүрүштөн токтотулсун”, — деп белгиледи судья.
Айтилек Орозбеков өткөн жылдын май айында кармалып, андан бери тергөө амалдары жүрүп, иш июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөн. Март айынын этегинде тараптар жарыш сөзгө жетип, мамлекеттик айыптоочу Орозбековго 200 миң сом айып пул салууну суранган. Айтилек өзү күнөөсүз экенин айтып келет. Ал бул иштин артында атайын буюртма бар деген шектенүүдө болуп жатканын сотто дагы кайталады.

Айтилек Орозбеков

“Менин улут аралык кастыкты козутайын деген ниетим болгон эмес. Менин божомолумда бул буюртма иш. Мени ага чейин коркутуп жүрүштү, мен ага макул болгон эмесмин. Анын баарын айткан эмесмин, азыр айтып жатам. Мени кармаган күч кызматкерлери деле: "Айтилек, бизди кечирип кой, ушундай аракетке барып жатабыз, айлабыз жок болуп жатат" деп айтышкан. Ошондуктан мени толук актап берүүңүздү суранам”, - деп отурум башталганда сотко кайрылды Айтилек Орозбеков.


Орозбековдун жактоочусу буга чейин анын социалдык тармактардагы аракеттерине баа берген эксперттин ишине макул болбой, көз карандысыз лингвистикалык эксперт дайындоону соттон өтүнгөн. Кийин көз карандысыз эксперт чечим чыгарып, Айтилектин аракетинде мыйзам бузуу жок деген корутунду чыгарган. Жактоочу Жаныш Бараков соттун аракетин сынга алды.

Жаныш Бараков

“Айтилек Орозбековго акыркы сөз берилгенден кийин аны актаган же күнөөлүү деп тапкан корутунду чыгарыш керек эле. Бул жерде комиссиялык экспертиза дайындалган учурда деле биздин суроолорубуз коюлушу керек эле. Акыркы сөзгө өтпөй туруп экспертиза дайындала турганын айтып, биздин пикирди сурашы керек эле. Мындай айтканда, Айтилек Орозбековду актоо өкүмүн чыгарбоо аракети болуп жатканын түшүндүрүп жатат. Сот адилетсиз, бир тараптуу карап жатат”, — деген пикирин айтты.


Айтилектин башында кармалышына милиция кызматкерлеринин рапорт менен кайрылуусу негиз болгон. Анда күч кызматкери социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүп, Орозбеков иштеткен YouTube каналында улут аралык кастыкты козутуу белгилери боюнча шек саналып, лингвистикалык экспертиза дайындалган. Эксперттер Орозбековдун видеолорунда улут аралык кастыкты козутуучу чакырыктар бар деген корутунду чыгарган.


Айтилек Орозбековдун эксперттер текшерген видеолорунун негизгиси YouTube’дагы “Куликов” кофеханаларынын бири жөнүндө видеосу болгон. Ал кондитердик жай башка бир жаранды “кыргызча тейлебейбиз” деп чыгарып коюшканын айтып, андан соң телефон аркылуу компаниянын операторунан кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган. Видеонун соңунда блогер “Куликов кофеканасына кыргыз тилин сыйлабагандыктан келбөөңүздөрдү өтүнөм” деп чакырган.

Милиция аны кармагандан кийин башка тамактануучу жайлардын ээлеринен да кошумча арыздар жазылып, бирок алар кийинчерээк кайтарып алган. Бир гана “Куликов” кондитердик дүкөнүнүн кызматкеринин арызы калып, быйыл январь айында эки тарап бири-бири менен элдешкен соң арызын алган. Бирок бул иш мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен козголгонуна байланыштуу улантылып, март айынын этегинде тараптарга жарыш сөз берилген.

Укук коргоочу Рита Карасартова Айтилекке коюлган берене менен эркин пикирин билдирген адамдарга кылмыш ишин козгоо оңой болуп калганын белгиледи:

Рита Карасартова

“Азыр ушул "улут аралык кастыкты жаратуу" деген берене менен кайсы бир филологдорго алып барып туруп кылмыш ишин козгоп жаткандан кийин башка активистти же чынчыл пикир жазган адамды камаганга оңой болуп калды. Мисалы: "Карасаңар, мына бул кытайлар сапаттуу үй салбайт экен" деп койсо, ага да ушул берене. Же болбосо "эмнеге жоолук салынып, бетин жаап жатат" деп койсо, ага да кылмыш иши козголот. Бул берене "дежур" берене болуп калды. Айрыкча орус тилине байланыштуу болсо, кылмыш ишин козгоп койгонун көрүп жатабыз”.


Ошентип, Айтилек Орозбековго бир жылдан ашык убакытта эки кылмыш иши козголду. Башында Улуттук коопсуздук кызматы ага карата “бийликти басып алуу” деген берене менен айып тагып, сот ага 70 миң сом айып салган. Ал эми экинчи жолу ага “расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылып, иш тергелип бүтүп, июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөн.

Айтилек Орозбеков коомчулукка президент Садыр Жапаровдун кебиндеги каталарды айтып чыкканы менен белгилүү. Андан сырткары, ал өзүнүн YouTube каналында коомдук тейлөөчү жайларда кыргыз тилинин колдонулушун талап кылган видеолорду бөлүшүп келгени маалым.