Жүк ташуучу авирунаалардын айдоочуларынын тобу эки жумадан ашык убакыттан бери Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасынан өтө албай жатышканын билдиришти.
Алар үчүнчү өлкөлөрдөн, анын ичинде Казакстан менен Ирандан азык-түлүк алып, Өзбекстан аркылуу транзит менен Тажикстанга бара жаткан машинелер.
Азыркы учурда жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары Тажикстандын Турсунзода шаары менен Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Сариосиё районунун ортосунда жайгашкан «Дусти» бажы бекетинде топтолуп, чек арадан өтүүгө уруксат күтүп турушат.
Айдоочулар «Азаттык» радиосунун тажик кызматына билдиришкендей, алардын айтымында, айрымдары 14-марттан бери ошол жерде турушат. Негизги нааразычылыктар тажик бажы кызматкерлеринин ишине байланыштуу болууда.
Бул материал жарыяланган учурда Тажикстандын бажы органдарынан расмий комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Айдоочулардын айтымында, чек арадан тезирээк өтүү үчүн болжол менен 200 доллар талап кылынат.
Буга чейин Өзбекстандын ишкерлери да жүктөрдү тажик тарап көпкө кармап жатканын айтып, товарларды киргизүүгө тоскоолдук жаралып жатканын белгилешкен.
Өз кезегинде Тажикстандын бажы өкүлдөрү товарларды киргизүүгө тоскоолдуктар жок экенин билдиришкен.