Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Трамп Иран ок атышууну токтотууну суранганын билдирди

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран ок атышууну токтотууну суранганын билдирди.

Ал 1-апрелде өзүнүн Truth Social платформасына «Ирандын жаңы режиминин президенти АКШдан ок атышууну токтотууну азыр эле суранды!» деп жазды.

«Биз Ормуз кысыгы ачык, эркин жана коопсуз болгондо карап чыгабыз. Ага чейин биз Иранды толугу менен талкалайбыз же, алар айткандай, таш дооруна кайтарабыз!!!» - деп кошумчалады ал.

Трамптын билдирүүсү.
Трамптын билдирүүсү.


Бул билдирүүлөргө Иран бийлигинен азырынча жооп боло элек.

Буга чейин, 31-мартта Дональд Трамп Иран менен болгон согуш «эки-үч жуманын ичинде аяктарын» айткан.

Ошондой эле ал Франция жана башка өлкөлөр, анын ичинде Кытай Ормуз кысыгынан өтүү маселесинде «өздөрүн өздөрү коргоого мажбур болорун» белгилеген. Бул кысыкты 28-февралдан бери АКШ жана Израилдин соккуларына жооп иретинде Иран жарым-жартылай жаап турат.

Ал арада Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран белгилүү шарттар аткарылган учурда АКШ жана Израил менен согушту токтотууга «эрки жетерин» айткан.

Айрымдар Пезешкиан расмий кызмат ордуна карабастан, Иран жетекчилигинде негизги чечим кабыл алуучу фигура эмес деп эскертишет. Ошого карабай, анын билдирүүлөрү АКШдагы каржы базарларына оң таасир берип, мунайдын баасынын төмөндөшүнө алып келди.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 31-мартта Al Jazeera телеканалына берген маегинде АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффтон куш кабар алып жатканын, бирок бул «сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» дегенди билдирбей турганын айтты.

.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG