Орусиянын Нижнекамск шаарындагы химия заводунда болгон жарылуу жана андан кийин тутанган өрттөн соң тогуз адам менен байланыш жок болуп, аларды издөө иштери жүргүзүлүүдө.
«Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана “Нижнекамскнефтехимдин” бардык күчү аларды издеп табууга жана куткарууга багытталды», — деп айтылат ишкана тараткан билдирүүдө.
Окуя 31-мартта болгон. Компаниянын маалыматы боюнча, синтетикалык делим өндүрүшүндө «азырынча аныктала элек булактан» газ аралашмасы тутанып, жарылуу болгон. Анын күчү катуу болгондуктан, айрым үйлөрдүн терезелери чачырап кеткен.
Үч адам каза болгону тастыкталды, алардын арасында өрт өчүрүү бөлүгүнүн командири да бар.
Жалпысынан 71 адам медициналык жардамга кайрылып, алардын 22си ооруканага жаткырылган. Он адам Москвага жеткирилген.
Нижнекамск бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады. Татарстан боюнча Тергөө комитети кооптуу өндүрүш объектилериндеги өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
«Нижнекамскнефтехим» ачык акционердик коому СИБУР холдингине кирет.
Компаниянын сайтында бул ишкана синтетикалык делим чыгаруу боюнча дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири экени айтылат.