Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2-апрель таңкы саат 05:28де Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкиниши Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 3,5 баллга чейин сезилди.
Ош, Манас жана Көк-Жаңгак шаарларында 3 баллга чейин (Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта) жеткен.
Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги (ѲКМ) ушул тапта жер титирөөдөн жабыр тарткандар бар-жогун тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. (BTo)