Молдованын парламенти өлкөнүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө болуунун негизин түзгөн үч келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамдарды экинчи, акыркы окууда кабыл алды.
Тиешелүү чечимдер 2-апрелде парламенттин расмий сайтында жарыяланды.
Тактап айтканда, 1991-жылдын декабрында Минск жана Алматы шаарларында кол коюлган КМШны негиздөө тууралуу макулдашуу жана ага кошумча протокол, ошондой эле 1993-жылдын январында Минскиде кабыл алынган уюмдун уставы жокко чыгарылды. Бул чечимдерди парламенттеги 101 депутаттын 60ы колдоду.
Денонсацияны бийликтеги «Аракет жана тилектештик» (PAS) партиясынын өкүлдөрү, «Үйдөгү демократия» партиясы, ошондой эле мурдагы премьер-министр Ион Кику («Альтернатива» фракциясынан) колдогон.
Ал эми мыйзам Коммунисттер партиясы (ПКРМ) жана Социалисттер партиясы (ПСРМ) каршы добуш беришти. Коммунисттер бул чечимди Молдованын жарандарына карата «чыккынчылык» деп аташты.
2026-жылдын январь айынын ортосунда Молдованын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Михай Попшой өлкө бийлиги КМШга байланышкан үч документти денонсациялоо жараянын баштаганын билдирген. Анын айтымында, бул жараянжан кийин Молдова расмий жана укуктук жактан уюмдун курамына кирбей калат.
Молдованын президенти депутаттар жактырган мыйзам долбоорлоруна кол койгондон кийин, Тышкы иштер министрлиги аларды КМШнын Аткаруу комитетине жөнөтөт. «Интерфакс» агенттиги билдиргендей, Вена конвенциясына ылайык, уюмдан чыгуу жараяны 12 айдан кийин толук аяктайт.
Reuters агенттиги белгилегендей, Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгон Молдова 2023-жылдан бери КМШнын бардык иш-чараларына катышуусун токтоткон.
Өлкөнүн президенти Майя Санду Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, Кремлди батышчыл багыттагы молдовалык өкмөттү алсыратууга аракет кылып жатат деп айыптаган.