Орус армиясы Украинанын Харьков, Днепропетровск облустарына абадан сокку урду

Чернигов облусуна жасалган орус армиясынын чабуулу бир кары адамдын өмүрүн алды. 27-март, 2026-жыл.

Орус армиясы 2-апрелге караган түнү Украинанын Харьков облусуна абадан жапырт сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, орус армиясы авиациялык бомбаларды жана дрондорду колдонгон. Харьков шаарында көп кабаттуу турак үй, төрт машине жана жарандык ишкана жабыркады.

Чабуулдун натыйжасында Чугуев шаарынын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үй жабыркап, өрт чыкканын шаар мэри Галина Минаева билдирди. Анын айтымында, үч адам жаракат алды.

Чугуев районунда Металловка менен Бугаевка айылдарынын ортосунда бара жаткан унаага FPV-дрон тийип, бир адам каза болду.

Одесса облусунда порттогу контейнерлер жана төрт жеңил машине өрттөнүп, эки ангар жабыркады. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар жок.

Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын айтымында, Синельниково калаасындагы административдик имарат жана соода борбору өрттөнгөн. Ондогон көп кабаттуу жана жеке үйлөр, чарбалык курулуштар жана автобустар жабыркаган. Бир адам каза болуп, дагы экөө жаракат алган, алардын арасында 12 жаштагы бала бар.

Украин армиясынын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, орус күчтөрү 2-апрелге караган түнү Украинага 172 учкучсуз аппарат менен чабуул койгон. Алардын 147си атып түшүрүлгөн.

Орусиянын бийлиги адатта Украинадагы аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган соккуларды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Молдова парламенти өлкөнүн КМШдан чыгуу чечимин жактырдыСпикер Маматалиев 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айттыСоттун чечими менен Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камалды