Макрон Ормуз кысыгын “бошотуу” операциясы реалдуу эмес деп эсептейт

Франциянын президенти Эммануэл Макрон

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ормуз кысыгын “бошотуу” боюнча аскердик операция реалдуу эмес деп билдирип, Иран менен кызматташууга чакырды.

“Ормуз кысыгын аскердик операция жүргүзүп, күч менен бошотууну жактагандар бар. Мындай позицияны Кошмо Штаттар айрым учурларда айтып келатат. Кээде деп айтканым, АКШнын позициясы улам өзгөрүүдө. Андай вариантты биз эч качан караштырган жокпуз, реалдуу эмес деп эсептейбиз”, - деп айтты Макрон Түштүк Кореядагы сапары маалында.

Француз лидери баса белгилегендей, ал өңдүү операция “абдан көп убакытты алат жана кысыктан өткөндөрдүн бардыгын көптөгөн ресурстары, баллистикалык ракеталары бар Ислам революциясынын сакчылар корпусу тарабынан коркунучка жана башка опурталдуу абалга кептейт”.

Дүйнөдөгү кара майдын 20% ташылган Ормуз кысыгы АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштагандан бери кооптуу маршрут болуп калды, аны кесип өтүү дээрлик мүмкүн эмес. Бул өз кезегинде глобалдык энергетикалык кризиске алып келди.

АКШнын президенти Дональд Трамп өнөктөштөрдү жана башка өлкөлөрдү кысыктагы соода кемелерин коштоп, коопсуздугун камсыздоого үндөп жатат. Бирок өлкөлөрдүн көбү, анын ичинде НАТОнун европалык мүчөлөрү ал миссияга кошулууга макул болгон жок.

Дагы караңыз

"Иттер төбөсү сыйрылганча талаптыр". Жаңы конуштагы үрөй учурган кырсыкЫсык-Көлгө Орусиянын учагынын дүрмөтү түштүСизди телефондон ким тыңшайт?