Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

"Иттер төбөсү сыйрылганча талаптыр". Жаңы конуштагы үрөй учурган кырсык

Коллаж.
Коллаж.

Бишкектин Калыс-Ордо 2 конушунда ит талаган наристе ооруканага түштү. Алдын ала маалыматта ойноп жүргөн баланы коңшусунун үч-төрт ити талаган. Дарыгерлер операциядан кийин баланын абалы туруктуу экенин билдиришти.

Бишкек шаардык милициясы окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Кырсык Бишкектеги Калыс-Ордо 2 конушунда 1-апрелде болгон. Ойноп жүргөн алты жаштагы баланы коңшусунун үч-төрт ити талап кеткен.

Баланын эжеси инисин коңшусунун короосунда иттер талап жатканын көрүп, элди жардамга чакырган. Наристени дубалдан ашып түшкөн коңшулар куткарып калган.

Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын хирургиялык бөлүмү.
Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын хирургиялык бөлүмү.

Милиция тараткан маалыматта алар баланы дароо ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде тыгында калышкан. Шаштысы кеткен айдоочу жолдо турган милиция кызматкеринен жардам сураган.

Кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын командири, капитан Тимурлан Кулназаров баланы кызматтык унаасына салып ооруканага жеткирген. Жандандыруу бөлүмүнө көтөрүп барып, операция бүткүчө күтүп турган.

"Ит катуу талаптыр"

Баланын атасы Бекзат Туйтеевге №3 балдар ооруканасынын астынан жолуктук. Ал кырсык болгонун жумушта жүрүп уккан экен.

Бекзат Туйтеев.
Бекзат Туйтеев.

“Окуя кечээ саат 15:30да болуптур. Кичинекей кызым чалып, “Тез жардам” чакырыңыз, Умарды ит талаптыр” деди. Көп өтпөй эле кошуналардын машинеси менен 3-ооруканага алып баратканын айтып чалды. Мен дароо эле бул жакка жөнөдүм. Балама эки жарым сааттай операция жасашты. Түнү менен ушул жерде жүрүп, эртең менен кирип чыктым. Азыр абалы туруктуу. Ит аябай талап салган экен. Төбөсүндөгү териси сыйрылып кетиптир. Аны кайра калыбына келтирүү оор дешти. Коркуп да калыптыр".

Бишкек шаардык милициясы учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесине (Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгонун билдирди.

Баланын атасы үйүнө бара электигин, андыктан окуянын чоо-жайын териштиргенге жетишпегенин айтууда. Ал коңшусу баланын өзүн айыптап жатканын айтып, ишти адилет кароону суранды.

“Биздин короонун артында коңшубуз бар. Ошол жерде иттерди кармачу. Кырсык болгондо 15 жаштагы кызым үйдө эле. Балам андан “ойноп келейин” деп сураныптыр. Ошол жактан коңшунун короосуна кулап кетиптир. Ойноп чыгып кулап кеткен окшойт деп ойлоп жатам. Кечээ тергөөчүлөр келип арызымды алып кетишти. Коңшум сурак бергенде “бала короого өзү секирип кирген” деп айтыптыр. Дубал эки метрдей бийик. Алтыдагы бала ашып өтө албайт. Коңшум ал үйдө туруктуу жашабайт. Казакстандын жараны экен. Анда-санда өзү, кээде кызы келип турат. Үйдүн экинчи кабатынан короосунда иттер жүргөнү даана эле көрүнүп турчу. Эми үнүбүз ажобузга жетип, иш адилет каралса дейбиз. Иттин ээсине мыйзам чегинде чара көрүлүшүн талап кылабыз”, - деди Туйтеев.

Баланы капкан иттердин ээси экени айтылып жаткан адам менен байланыша албадык. "Азаттык" экинчи тараптын дагы пикирин угууга даяр экенин эске салабыз.

Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов ит капкан баланын абалы туруктуу экенин билдирди.

Акылбек Маманов.
Акылбек Маманов.

“Кечээ түштөн кийин милиция кызматкерлери 2020-жылы туулган баланы алып келишкен. Алардын айтымында, бала ойноп жатканда үч ит талап салыптыр. Дароо консилиум өткөрүп, операция жасап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык. Азыр өзүнө келди, абалы туруктуу. Бардык дары-дармек менен 100% камсыздап жатабыз. Башында, денесинде жарааттар көп экен. Теринин тиге турган жерлерин тиктик. Азыр дагы адистер менен консилиум өткөрөлү деп күтүп жатабыз. Анткени жаныбар тиштеген жараатта сөзсүз инфекция болот. Медицинанын эрежесине ылайык, аны дароо тиге албайбыз, анткени ириңдеп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн дарылоо убакытты талап кылат. Адегенде тазалап, ириңдебей турган болгондо балким пластикалык операция жасалышы мүмкүн. Бала бизге түшкөндө эле эпидемиологдорго билдирүү жибергенбиз. Алар иттерде ылаң барбы же жокпу изилдеп жатат. Биз баланы дароо эле вируска каршы эмдегенбиз”.

Аталган ооруканага 2-апрелде кечке жуук саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов барып, баланын абалы менен таанышканы белгилүү болду.

"Ит баккандар жоопкерчиликтүү болсо"

Бишкек мэриясынын №121 токтомуна ылайык, борбор калаанын тургундарына үйүндө бир ит жана эки мышык кармоого уруксат берилет. Бирок алардын ээси жыл сайын жаныбарларды эмдетүүгө милдеттүү. Көчөгө алып чыкканда итке мурунтук кийгизип, башкаларга тиш салбаш үчүн короо ичинде да байлашы шарт.

Ветеринардык кызматтын зооэпизотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” курган маегинде ит-мышык кармагандардын басымдуусу бул эрежени сактабай турганын айткан эле.

Кемелбек Абдылүсөнов.
Кемелбек Абдылүсөнов.

“Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2022-жылы ит-мышык кармоо эрежеси жаңыланып бекитилген. Коомдук жайда жетелеп жүргөнгө болбойт, адамдар түшкөн бассейнге түшүрүүгө болбойт, автобуска салууга болбойт, байлоодо турушу керек, көчөгө жетелеп чыккандар мурунтук тагышы керек деген эрежелер бар. Бирөөнү тиштеп алса, иттин ээси айып төлөшү керек. Бирок бизде эрежени сакташпайт. “Баламды коңшумдун ити каап алды, чара көрүңүздөр” деген каттар көп эле келет. Биз барып анын итин ата албайбыз, аны жергиликтүү бийлик чечиши керек. Азыр көчөдө жүргөн иттер жолбун деле эмес, көбүнүн ээси бар", - деген Абдылүсөнов.

Бизге жеткен маалыматта, 2-апрелге оогон түнү “Тазалыктын” кызматкерлери барып, баланы капкан иттерди атып кеткен. Калыс-Ордо 2 конушундагы квартал башчы жергиликтүү медиалардын бирине конушта дагы 16 ит жок кылынганын айткан.

Расмий маалыматка таянсак, 2025-жылдын он айында Бишкекте 14 миңдей ит атылган.

Зооактивист Майя Акунова ит-мышыктарды атуу менен маселе чечилбесин айтып келет. Ал шаар бийлиги жаныбарларды стерилизациялоого өтүшү керек деген пикирде.

Майя Акунова.
Майя Акунова.

“Баланы талап салганын уктум. Абдан жаман окуя болуптур. Мен буга чейин эле айтып келгем, дагы айтам. Мамлекет ит-мышыкты стерилизациялоого өтмөйүнчө, атуу менен маселе чечилбейт. Элди итин же мышыгын милдеттүү түрдө дарылатып, стерилизация кылууга үйрөтүү керек. Антпесе бизде жоопкерчиликсиз адамдар көп. Ити тууса, күчүктөрүн талаага таштап коюшат. Иттерди атууга кеткен акчаны стерилизацияга жумшаса, жолбундардын саны азаймак, башкысы көзөмөл дагы болмок”, - дейт активист.

Кыргызстанда балдарды ит капкан окуялар мурда да катталган.

2024-жылы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында беш адамды жолбун ит тиштеп, облустук ооруканага жаткырылган.

2023-жылы Өзгөн районунда ит капкан 12 жаштагы бала кутурма оорусунан каза болгон. Ошол эле жылы Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит сегиз адамды каап, ооруканага жатып чыгышкан.

2022-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Сай-Коргон айылынын 72 жаштагы тургуну кутурмадан каза болгон. Анда аны күчүк тиштеп алганы айтылган.

Мындан бир канча жыл мурда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде ит талаган 1-класстын окуучусу чарчап калып, баланын ата-энеси жаныбардын ээсин сотко берген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG