Ал №21 шайлоо округунда буга чейин мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевдин ордуна келе турган талапкер. Боршайком мандат берилбей жатканын Ички иштер министрлигинен суралган маалыматтын кечигип жатканы менен түшүндүрүп келет.
Чыңгыз Айдарбеков соңку аптада милиция мекемесинде кеминде эки ирет сурак бергенин өздүк булактарына таянып айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок кайсы иш боюнча жана кандай макамда суракка чакырылганын Ички иштер министрлиги да, Айдарбековдун өзү да тактабай жатат.
Экс-депутаттын эки ирет суракта болгонун анын жакындары ырасташты. Алар Чыңгыз Айдарбеков сурактын купуялыгын сактоо тууралуу документке кол койгону үчүн маалымат бербей жатканын айтышты.
Дагы караңыз
Саясат: Чыңгыз Айдарбековго мандат берүү эмнеге создукту?Ал тапта социалдык тармактарда Айдарбековдун тарапташтарынан делген кайрылуу жарыяланып, анда алар президент Садыр Жапаровдун бул маселеге көңүл буруусун суранышкан.
Бул кайрылууну социалдык тармактардагы баракчасынан жайылткандардын бири, Айдарбековдун тарапташы Тариэл Болотбеков буларга токтолду:
"Айдарбековго 20 күндөн ашык убакыттан бери мыйзамдуу, баса белгилеп кетем, мыйзамдуу мандаты берилбей жатат. Эл аны шайлап, ишеним көрсөткөн. Бирок азыркы абал түшүнүксүз. Биз өзүбүз да нааразыбыз. Мен жарандык активист катары, анын саясий жана дипломатиялык ишмердүүлүгүнө көз салып жүргөн адам катары, эмне үчүн мындай болуп жатканын такыр түшүнө албай жатам".
№21 шайлоо округунан келген депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Боршайком андан көп узабай депутаттары мандат тапшырган беш округ боюнча жаңы талапкерлерди каттаган.
БШК аталган округ боюнча мандат берилбей келатканын Ички иштер министрлигинен суралган маалыматтын кечигип жатканы менен түшүндүрүүдө.
“Мандат бошоп, депутат болуп келаткан талапкерлер боюнча да кайра Ички иштер министрлигинен маалымат сурайбыз. Анткени ошол аралыкта кандайдыр бир иш болуп кеткен болуп чыкпасын деп. Кээ бир талапкерлерге кылмыш иши козголуп, бирок соттун чечими чыга элек болсо аны каттай беребиз. Ошол процедура менен ИИМге өтүнмө жибергенбиз. Жооп келе элек экен, мен да сурап жатам", - деди БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.
Дагы караңыз
Депутаттардын жапырт мандат тапшыруусуна эмне себеп?Айдарбековдун талапкерлиги тууралуу талкуу болуп жаткан чакта социалдык тармактарда анонимдүү баракчалар аркылуу ал тууралуу компромат мүнөзүндөгү маалыматтар тараган. Анда Айдарбеков турак жайларга байланыштуу документтерди жасалмалоо ишине аралашканы, Түркмөнстандагы элчиликте иштеген учурда виза сатуу жана аткезчиликке кириптер болгону айтылат.
Экс-депутат ага реакция жасап, өзү тууралуу жалган маалымат тарап жатканын айткан.
Айдарбеков бул маалыматтарды каралоо деп атап, БШКдан мандат берүүнү талап кылган.
Журналист Адил Турдукулов мандат маселесинде БШК саясий таасир көрсөтүп жатат деген пикирде:
“Ким депутат болорун БШК чечпейт, элдин добушу чечет. БШКнын ролу техникалык гана кызмат болушу керек. Ал эми ал күнөөлүүбү, күнөөлүү эмеспи, Түркмөнстанда аткезчилик менен алектенип-алектенбегенин сот аныктайт. Эгер оор кылмыш болсо Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле күнөөлүү деп таап, мандатынан ажыратуу мүмкүн”.
49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылдан бери саясатка аралашып жүрөт.
Ал 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп эмгектенген.
2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу бийликтин чечимине каршы чыккан.
Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан да ажыратылган.