АКШ өкүлүнүн билдирүүсүнө чейин расмий Тегеран америкалык учак кулаганын жарыялап, экипаж мүчөлөрүн кармаган жарандарга сыйлык жарыялап жиберген.
Куткаруу операциясынын чоо-жайы ачык айтылган жок. Дагы бир америкалык өкүлдүн маалыматына ылайык, атып түшүрүлгөн учак эки орундуу F-15E үлгүсүндөгү истребитель болгон.
CBS, Reuters жана Израилдин айрым маалымат каражаттары Кошмо Штаттардын жетекчилигиндеги өз булактарына таянып, экипаж мүчөлөрүнүн бири куткарылганын кабарлашты.
Айрым маалыматтарда куткаруу операциясына америкалык атайын күчтөр катышканы айтылууда.
Аскер жетекчилиги бул окуя боюнча комментарий берген жок, ал эми Ак үй президент Дональд Трамп кырдаал тууралуу маалымат алганын гана билдирди.
Эгер экипаж мүчөлөрүнүн бирин Иран күчтөрү кармап алса, бул буга чейин эле курчуп турган чыңалууну дагы күчөтүшү мүмкүн.
Батыш өкүлдөрүнүн айтымында, Израил издөө иштерине тоскоол болбоо үчүн Иранга каршы пландалган соккуларын убактылуу токтотту.
Издөө жана куткаруу стратегиясы
АКШ армиясынын отставкадагы полковниги жана НАТО структурасында мурда иштеген Ричард Аллен Уильямстын айтымында, издөө-куткаруу операциялары адатта өтө кылдат координацияланарын айтты. Ал ошондой эле коопсуздук чараларына да көңүл буруларын кошумчалады.
Уильямс билдиргендей, командирлер операцияны көзөмөлдөө үчүн абадан байкоо жүргүзүүчү атайын учактарды жөнөтүшү мүмкүн. Аларды асманда коопсуздукту камсыздаган күчтөр жана зарыл учурда жерден аскерлер коштоп барышат.
Бул күчтөр кырсык болгон аймакты көзөмөлгө алып, куткаруучу топтор атып түшүрүлгөн учактын GPS сигналы аркылуу анын кулаган жерин тактоого аракет кылышат.
Ошондой эле кошумча учактар жана резервдик күчтөр ар кандай күтүүсүз кырдаалга же абал курчуп кетсе, ыкчам жооп кайтарууга даяр турушат.
Сүрөттөр жана видеолор
Ирандын медиасы бул окуянын далили катары сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялашты.
«Аскер күчтөрү учкучту табуу үчүн издөө операциясын баштады», - деп жарыялады Ислам Революциянын сакчылар корпусу менен жакын кызматташкан "Фарс" маалымат агенттиги.
Ошондой эле ирандык маалымат каражаттары учактын сыныктарына окшош сүрөттөрдү таратышты.
Согуш 28-февралда башталгандан бери АКШнын аскердик учактары кыйрап же Ирандын ракеталары жана дрондорунан жабыркаган учурлар болгон.
12-мартта абада эки май куючу учак кагылышкандан кийин KC-135 Stratotanker учагы кыйрап, анын кесепетинен АКШнын алты аскери каза болгон.
Андан эки жума өткөндөн кийин, 27-мартта Иран ракета жана дрон менен Сауд Арабиясындагы Prince Sultan Air Base базасына сокку урган.
Натыйжада кеминде 12 америкалык аскер жаракат алып, эки KC-135 май куюучу учагына олуттуу зыян келтирилген.
2-мартта Кувейттин абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жаңылыштык менен атылган октун айынан АКШнын үч McDonnell Douglas F-15E Strike Eagle учагы атып түшүрүлгөн. Алты экипаж мүчөсү аман-эсен Кувейттин аймагына түшүшкөн.
Иран аймак боюнча соккуларды күчөттү
Бул окуя тууралуу маалыматтар Иран 3-апрелде Жакынкы Чыгыш боюнча кеңири масштабдагы чабуулдарды баштаган учурга туш келди. Бул соккулардын натыйжасында Кувейттеги мунай иштетүүчү ири заводдун айрым бөлүктөрүндө өрт тутанды.
Бул мунай иштетүүчү завод согуш башталгандан бери бир нече жолу бутага алынган.
Тегеран Израилге жана Перс булуңундагы араб коңшуларына кысымды улантты. Сауд Арабиясы Иранга таандык бир нече дронду атып түшүргөнүн билдирди. Бахрейнде сиреналар жаңырып, Бириккен Араб Эмираттарында коргонуу системалары ишке киргизилди. Израил болсо өз аймагына багытталган ракеталар тууралуу кабарлады.
Бириккен Араб Эмираттарындагы Абу-Даби шаарынын бийлиги 3-апрелдеги ирандык аба соккуларынан Египеттин жараны каза болуп, кеминде 12 киши «жеңил жана орточо» жаракат алганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, жаракат алгандардын арасында жети непалдык жана беш индиялык жаран бар.
Абу-Дабинин өкүлдөрү ошондой эле эмираттагы Habshan газ объектилери абадан коргонуу операцияларынан кийин кулаган сыныктардан олуттуу зыян тартканын билдиришти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Иранда соккудан көпүрө кыйрады, Бишкек Тегеранга жардам жөнөттү
«АКШ али баштай элек»
Ирандын акыркы чабуулдарынын толкуну 2-апрелдин кечинде президент Трамптын билдирүүсүнөн кийин болду. Ал Вашингтон Ирандагы аскердик операциясын «али толук баштай элек» экенин айтып, алдыда дагы соккулар болорун эскертти.
Ал ошондой эле Ирандын инфраструктурасына жаңы чабуулдар жакын арада жасалышы мүмкүн экенин билдирген. Эми көпүрөлөр жана электр станциялары бутага алынышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
«Ирандын жетекчилиги эмне кылыш керек экенин билет, жана аны ТЕЗ арада жасашы керек!» - деп жазган Трамп.
Көп өтпөй АКШ президенти Тегеран менен Караж шаарын байланыштырган жаңы көпүрөгө жасалган соккунун видеосун бөлүштү. Ирандын мамлекеттик медиасы билдиргендей, бул чабуулдан сегиз адам каза болуп, 95 киши жаракат алган.
Ирандык маалымат каражаттары кошумча дрон соккусу өлкөнүн түштүгүндөгү Бушер провинциясындагы Кызыл Жарым Ай уюмунун кампасына тийип, эки контейнерди жок кылганын кабарлашты. Бул порт шаар Ирандын негизги деңиз борборлорунун бири болуп эсептелет жана өлкөдөгү жалгыз атомдук электр станциясы да ушул жерде жайгашкан.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин соккулары Ирандын болот өндүрүшүнүн болжол менен 70% жок кылганын айтып, бул Тегерандын курал өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө олуттуу сокку болгонун белгиледи.
Британия Кувейтке абадан коргонуу системасын жөнөтөт
Британиянын премьер-министри Кир Стармер 3-апрелде өлкө Кувейтке Rapid Sentry абадан коргонуу системасын жөнөтөрүн билдирди. Бул чара Перс булуңунда Британия жана Кувейттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Rapid Sentry негизинен дрондордон коргонууга багытталган.
Иран Перс булуңу боюнча энергетикалык инфраструктураны бутага алууну улантып, ошол эле учурда дүйнөлүк мааниге ээ болгон Ормуз кысыгын бир айдан бери жарым-жартылай жаап турат. Тынч мезгилде бул кысыктан дүйнөдөгү мунай жана газдын болжол менен бештен бири ташылчу.
«Дагы бир аз убакыт берилсе, биз Ормуз кысыгын оңой эле ачып, мунайды алып, чоң пайда таба алабыз. Бул дүйнө үчүн чыныгы “гейзер” болмок?» - деп жазды Трамп.
Бул окуяларга жооп катары мунай базарларында баалар жогорулай баштады.
Трамп ошондой эле бул деңиз жолун кайра ачуу АКШнын милдети эмес экенин айтып, бул маршрутка көз каранды болгон өлкөлөр өздөрү чара көрүшү керектигин белгиледи.
Макаланын автору: Alex Raufoglu
Кыргызчалаган: Элиза Кененбаева