Путиндин расмий рейтинги 2022-жылдын февраль айынан бери эң төмөнкү деңгээлге түштү. Орусия президентинин администрациясы менен кызматташкан “Коомдук пикир” фонду Владимир Путиндин рейтинги төмөндөп кеткенин билдирди. Ага болгон ишеним Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан берки эң төмөнкү деңгээлге (71%) жетти. Акыркы жолу мындай көрсөткүч 2022-жылдын 27-февралында болгонун “Агентство” жазды.
Ошол эле маалда Путинге ишенбеген респонденттердин үлүшү 13 пайыздан 17ге чейин өстү.
Фонд анын ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн (ал өз кызматында канчалык жакшы иштеп жатат) 74% төмөндөшүн белгиледи. Бул Путин мобилизация жарыялагандан кийин 2022-жылдын 25-сентябрындагы көрсөткүч менен барабар.
Мындан сырткары бийликтеги “Единая Россия” партиясынын рейтинги дагы түшүп, шайлоодо ага добуш берет элем дегендер 38% түзгөн.
Коомдук пикирди изилдеген борбор Путиндин рейтинги 2022-жылдан берки эң төмөнкү (70,1%) деңгээлди көрсөткөнүн жазды, ал эми анын ишин жактырбагандардын деңгээли 18,3 пайыздан 19га өскөн.
Буга өлкөдөгү экономикалык абалдын начарлашы, интернеттин бөгөттөлүшү себеп болгонун социологдор белгилешти.
Орусияда интернетти өчүрүү аймактардан башталып, быйыл жазында Москва жана Санкт-Петербургга жетти. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “бул Украина менен согушта жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл” экенин билдирген. Журналисттер интернетти бөгөттөдө президенттин жардамчысы Николай Патрушевдин, ФСБ директорунун орун басары Сергей Королевдун балдары жана ФСБнын генерал-полковниги Андрей Фетисов пайда таап жатканын аныкташты.
Санарип өнүктүрүү министрлиги VPNге каршы масштабдуу кампания баштаган. Операторлорго VPN колдонуучулардан акы алуу тапшырмасы берилди. Forbes булактары мындай демилге Владимир Путиндин жабык тапшырмасы экенин айтышкан. Би-би-синин орус кызматынын булактары бул ФСБнын демилгеси экенин билдиришкен.
Орусиянын ондогон шаарында интернеттин бөгөттөлүшүнө каршы нааразылык акцияларын уюштурууга тыюу салынып, 25тен ашуун киши кармалды.