Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Орусияда банк тиркемелери жапырт иштебей калды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусияда 3-апрелде банк тиркемелери жапырт иштебей калды. Бул социалдык тармактарда эң талкууланган темалардын бирине айланды. Жарандар ошол эле Москвада дагы бир нече саат банк тиркемелерин колдоно албай, карта менен төлөм жүргүзө албай калышты. Карталардан акча чыгарууга дагы мүмкүн болгон эмес.

Мындай маселе Орусиянын бир нече аймагында байкалды. CNews басылмасы жазгандай, айрым аймактарда банкомат дагы иштебей, жарандар акчасын накталай чыгара албай калышты. Метро, электричкага банк карталары менен жүргүнчүлөр киргизилген жок.

Маалымат каражаттары эксперттерге шилтеме кылып көйгөйгө бийликтин интернет-ресурстарын бөгөттөө аракети себеп болгонун жазышты. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазып, кийин маалымат ачылбай калды.

Ушундай эле маалыматтар бийликке лоялдуу маалымат каражаттар дагы жарыялады. Mash жана Ура.ру. банк инфратүзүмү үчүн колдонулган IP даректерди бөгөттөө себеп болгонун жазды. Эксперттердин пикирлерин “Медуза” дагы берди.

Орусиянын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Роскомнадзор соңку кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG