Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Токмокто көчөдө кишини сабаган адамдар издөөгө алынды

Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында көчөдө бир кишини бир нече адам сабап жаткан видео боюнча маалымат берди.

Бул факты Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, окуяга тиешеси барларды аныктоо жүрүп жатат. Облустук милиция анын жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн аракетине тиешелүү укуктук баа берилерин билдирди.

3-апрелде социалдык тармактарда автоунаа жолунун боюнда 2-3 адам бир кишини жерге жаткарып алып сабап атканы тартылган видео тараган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG