Кыргызстандын жана Орусиянын омбудсмендери Беларустун борбору Минск шаарында КМШнын Адам укуктары комиссиясынын отуруму алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы 3-апрелде билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковадан эки кыргыз жаранынын көйгөйүн чечүүгө жана алардын укуктарын коргоого жардам берүүнү өтүндү.
Ал Челябинск облусунда эки жыл мурда энесинен айрылып калган бала тууралуу маалымат берди. 10 жаштагы баланын жанында жакын тууганы жок экенин, өгөй атасынын камкордугунда калганын айтты. Таенеси, кыргыз жараны баланы өз камкордугуна алуу үчүн Кыргызстанга кайтарууга көмөк көрсөтүүсүн суранганы белгиленди.
Ошондой эле жардамга муктаждардын бири Сахалин облусунда былтыркы жылдын сентябрынан бери камакта отурган 33 жаштагы З. у. К. экени айтылды. Жаманбаева бул жарандын укугун коргоого жана кармоо шарттарын текшерүүнү уюштурууга көмөктөшүүнү суранды. Кыргызстанда ага карата 278-берене (Массалык башаламандыктар) боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.
«Москалькова өз ыйгарым укуктарынын алкагында кыргыз жарандарына укуктук жардам көрсөтүүгө убада берди”, - деп маалымдады мекеменин басма сөз кызматы.
Жаманбаева Минск шаарында КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын VI жыйынында үч темада баяндама жасады.
2026-жылдын башына карата Орусиянын абактарында (түрмөлөрдө жана колонияларда) Кыргызстандын 1200–1300дөн ашык жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканы кабарланган. Алардын көбү баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, уурулукка жана иммиграциялык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу кармалган. (ZKo)
Шерине