Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Үч өлкөнүн өкүлдөрү "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкуулады

Нарын дарыясынын “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) курула турган тилкеси.
Нарын дарыясынын “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) курула турган тилкеси.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги 31-марттан 2-апрелге чейин Бишкекте “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбоору боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлады.

Үч өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышкан талкууда долбоор боюнча маанилүү кадам жасалганы маалымдалды. Сүйлөшүүгө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

Энергетика министрлиги буга чейин“Камбар-Ата-1” ГЭС долбооруна 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирген.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1880 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG