Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Трамп Ирандагы согушту "тез арада" аяктоону убада кылды

Дональд Трамп. 1-апрель, 2026-жыл
Дональд Трамп. 1-апрель, 2026-жыл

1-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Ирандагы "ишин аяктоого" аз калганын билдирип, ошол эле учурда америкалык аскерлер өлкөнү алдыңкы "эки-үч жумада катуу соккуга алууну" улантарын эскертти.

Согуш башталгандан бери элге жасаган биринчи кайрылуусунда Трамп АКШнын максаты өзү сүрөттөгөндөй "тез, чечкиндүү, мурда болуп көрбөгөндөй жеңиш" бир нече жумадан кийин "аякташына жакын калганын" билдирди.

"Америкалык аскерлер "Эпикалык каардануу" операциясын баштагандан бери болгону бир ай гана өттү", - деди ал.

Трамп согушта маанилүү ийгиликтер болгонун, Ирандын аскердик мүмкүнчүлүгү олуттуу зыянга учураганын айтты.

"Бүгүн кечинде Ирандын флоту жок кылынды. Алардын аскердик-аба күчтөрү кыйрады", - деген Трамп Ирандын лидерлери "эми жоктугун, ал эми командалык түзүмдөр "так ушул тапта жок кылынып жатканын" кошумчалады.

Ал Ирандын ракета жана учкучсуз учактар боюнча дарамети "кескин азайганын", курал-жарак инфратүзүмү кыйрап жатканын билдирди.

"Согуштардын тарыхында эч качан душман саналуу апталарда мындай масштабдуу жоготууларга учураган эмес", - деп билдирди Трамп.

АКШ лидери ошондой эле согушту Ирандын өзөктүк курал жасоосун алдын алуу чарасы деп атады.

"Бул кандуу режим жакында эле өзүнүн 45 миңдей жаранын өлтүрдү", - деди ал Ирандагы жапырт нааразылык акцияларынын басылышын эске алып.

"Бул террористтерде өзөктүк куралдын болушу эбегейсиз коркунуч жаратмак", - деп кошумчалады.

Ал Иран өзөктүк курал даярдоо "алдында турганы" жөнүндө сөзүн кайталады жана анын ракеталык программасы акыр аягында Кошмо Штаттарга, Европага жана башка аймактарга коркунуч жаратарын билдирди.

"Бул кырдаал 47 жылдан бери уланып келе жатат, мен бийликке келгениме чейин эле чечилиши керек болчу", - деген Трамп мурдагы бийликтердин ишин кайрадан сындап, Барак Обаманын тушунда жетишилген өзөктүк келишимди да айта кетти.

Трамп ошондой эле дипломатия жолу менен аракет кылганын, бирок Иран макулдашуу аракетин четке какканын айтты.

АКШ лидери Ирандын режимин жок кылуу максаты болбогонун айтып, бирок иш жүзүндө ал толук аткарылганын билдирди. "Алардын лидерлери... эми өлүк", - деди ал.

Ал макулдашууга жетүү үмүтү бардыгын билдирип, бирок "Эгер келишим болбосо, биз алардын ар бир электр станциясына сокку урабыз. Биздин колубузда көзүрлөрүбүз бар, аларда жок",- деп эскертти.

Трамп ошол эле кезде мунайдын кымбатташын Ирандын коңшу өлкөлөрдүн соода кемелерине соккусунун натыйжасы деп, абалды убактылуу деп атады.

Ал АКШ энергетика жаатында Жакынкы Чыгыштан "таптакыр көз каранды эмес" экенин, бирок союздаштарды колдоону улантарын билдирди. Ошол эле учурда ал өнөктөштөрүн чоң салым кошпогону үчүн сындап, алар Ормуз кысыгынын иши жандануусуна жоопкерчилик алууга тийиштигин билдирди.

Дональд Трамптын сөзүнө чейин бир катар демократтар: Нью-Йорктон Грегори Микс, Вашингтондон Адам Смит жана Коннектикуттан Жим Хаймс Трамп "так аныкталбаган максатына жетүүгө бир да кадам жакындабаганын" айтып, билдирүү жасашкан. Алар америкалык 13 аскердин өлүмүн, жүздөгөн жарадарларды жана аймактык, экономикалык кесепеттерди белгилешкен.

"Биз президентти Иран менен согушту дароо токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого жана дипломатиялык чечимдерди издөөгө чакырабыз", - деген алар "кыйратуучу согуш" тууралуу эскертишти.

Айрым талдоочулар "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде сөз коомчулуктун пикирин түзүү максатында болгонун айтышты.

"Өзөктүк Иранга каршы бириккендер" уюмунун жетекчиси Жейсон Бродски Трамптын билдирүүсү "Эпикалык каардануу" операциясына коомчулуктун колдоосун тартууга" чакырык болгонун айтты.

"Бул АКШ баштаган кезектеги аягы жок согуштун башталышы эмес, Иран режими 1979-жылы баштаган согуштун аякташы катары көрсөтүлүүдө", - деди ал.

Ошол эле учурда ал АКШ согушту токтоторун жарыяласа да Иран соккуларды уланта бериши ыктымалдыгын, АКШ эскалацияга барууга аргасыз болушу мүмкүндүгүн айтты.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Президент Трамп буга чейин согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн экенин билдирген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG