Бишкектин Калыс-Ордо 2 жаңы конушунда ит талаган баланын атасы Бекзат Туйтеев президент Садыр Жапаровдон өзүн кабыл алууну суранды.
Бала жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, абалы туруктуу.
Бекзат Туйтеев "Азаттыкка" кыргыз дарыгерлерине ыраазы экенин, бирок баштын жулунган терисин жамап, ордуна келтирүү үчүн кымбат операция талап кылынарын билдирди.
Туйтеев мындай операцияларды жасоо тажрыйбасы Түркияда жакшы өнүккөндүктөн баланы ушул өлкөгө алып барууга же түрк дарыгерлерин бул жакка чакырууга мамлекеттик деңгээлде жардам көрсөтүлсө деп үмүттөнөт.
Баласы кырсыктагандан бери ооруканада түнөп жатканын айткан Туйтеев тергөө адилет жүрүп, иттерди кармаган үйдүн ээсине чара көрүүнү да суранууда.
Анын айтымында, коңшусу үйүндө жашабаганы менен короосунда иттер байырлаганын көрүп жүргөн.
Туйтеев беш баланын атасы. Калыс-Ордо 2 конушунда батирде 30 миң сомдон төлөп жашайт. Ит талаган алты жаштагы Умар эң кичүү уулу. Калган уул-кыздары дагы жаш. Кырсык болгон күнү жубайы экөө тең жумушта болгон.
Ит талаган балага жардам көрсөтүүнү каалагандар бул реквизитке акча которсо болот:
Алуучунун банкы: ОАО Оптима Банк
Алуучу: ТУЙТЕЕВ БЕКЗАТ АРЗЫМАТОВИЧ
Алуучунун эсеби: 1090935006438391
1-апрелде Калыс-Ордо 2 конушунда коңшусунун короосуна кулап кеткен баланы үч-төрт ит талаган. Бала Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жеткирилип, операция болгон.
Аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов баланын денесинде жарааттар көптүгүн, айрымдарын дароо тигүүгө болбосун айткан.
Окуяга байланыштуу Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесине (Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Кыргызстанда соңку жылдары ит каап алган адамга кутурма жугуп каза болгон учурлар катталган. Ветеринарлар ит-мышык кармоочулар жаныбарды жылда эмдетип, үйдөн чыгарбай, байлоодо кармашы керектигин эскертип келет. (ST)