Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:27

Амангелдиев Кыргызстанда АЭС куруу маселесин эл чечерин билдирди

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу маселесин эл чечерин жана муну референдумга алып чыгуу азырынча карала электигин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди. Ал өлкөнүн энергетикалык абалы эске алынарын айтып, кандай формада чыгарын белгилеген жок.

Мунун алдында айрым орусиялык жана жергиликтүү маалымат каражаттары Амангелдиевдин айткандарына таянып Кыргызстан АЭС куруу маселесин референдумга алып чыгарын жазышкан.

Амангелдиев 3-апрелде Москвада Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен жолугушкан. Орус өкмөтү тараптар биргелешкен соода, мунай-энергетикалык кызматташтык боюнча сүйлөшкөнүн кабарлады.

Былтыр декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" каналына курган маегинде энергетикалык абалдан улам атомдук электр станциясын куруу маселеси өлкө жетекчилиги менен талкууланып жатканын айткан, бирок буга акырындап келүү керек экенин белгилеген.

Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу тууралуу меморандумуна кол коюлган.

23-мартта “Росатомдун” башчысы Алексей Лихачев Russia Today телеканалына берген интервьюсунда компания Кыргызстан менен чакан АЭС куруу эле эмес орто кубаттуулуктагы станция курууну талкуулап жатканын айткан. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG