"Ата-Бейитте" Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилди

Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилди. 7-апрель, 2026-жыл.

Бүгүн 7-апрелде "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди. Мемориалга гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Ыңкылап курмандыктарын эскерүү иш-чарасы 6-апрелде Таласта да өткөн.

16 жыл мурда, 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу режимине каршы нааразылык иш-чаралары 6-апрель күнү Талас шаарында башталган.

Электр энергиясынын кымбатташына жана мобилдик байланыш үчүн кошумча төлөм алынуусуна каршы чыккан эл өлкөнүн бардык аймактарында көтөрүлгөн. 7-апрель күнү Бишкекте борбордук аянтка чогулган элге ок атылып, кеминде 87 адам окко учкан, миңден ашуун киши түрдүү жаракат алган.

Каза болгондордун сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, өзү Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.

7-апрель -Элдик ыңкылап күнү. Буга байланыштуу жумуш күнү бүгүн бир саатка кыскартылган. Бул тууралуу Эмгек кодексинде белгиленген. (КЕ)

Дагы караңыз

​Бишкекте турак үйдүн бешинчи кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдүБишкекте жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылдыТаласта Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилдиБарскоон–Бедел автожолун кура турган дирекция түзүлдү