Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

​Бишкекте турак үйдүн бешинчи кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү

ӨКМ тараткан сүрөт. 6-апрель, 2026-жыл.
ӨКМ тараткан сүрөт. 6-апрель, 2026-жыл.

​Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өрт өчүрүүгө шаардагы №3 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир күжүрмөн эсеп жана автошаты, куткаруучу тартылган. Алар 11 адамды коопсуз жайга чыгарышты.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Жабыркагандар жок экени айтылды. Министрлик тилсиз жоонун кесепети, чыгаша-зыян тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, соңку беш жылда Кыргызстанда өрттөн 248 адамдын өмүрү кыйылды, бул аралыкта өлкөдө 19 миңге жакын өрт кырсыгы катталды. (КЕ)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG