Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Дагестанда суу ташкыны төрт өмүрдү жалмады, миңдеген киши эвакуацияланды

Дагестандагы суу ташкын.
Дагестандагы суу ташкын.

Дагестанда сел жана жер көчкүдөн улам кеминде төрт адам каза болуп, төрт миңден ашуун адам эвакуацияланды.

5-апрелдин кечинде «Кавказ» федералдык автожолундагы Кала калктуу конушунда көпүрө урап түшүп, кош бойлуу аял менен 12 жаштагы кызды агын суу алып кеткен. Алар куткарылганы менен өзүнө келе албай каза болушкан.

Дагы бир аял Кайтаг районунда жер көчкүдөн улам набыт болду.

Күч түзүмдөрүнө жакын Shot Телеграм каналы Мамедкала кыштагынын аймагында беш жашар кыз каза болгонун жазды. Анын сөөгү 6-апрелдин таңында табылды.

Дагестанда дагы бир баланын сөөгү табылганын «Интерфакс» да кабарлады.

Март айынын аягынан бери Дагестанды экинчи ирет суу ташкын каптап жатат.

Дербент районунда дарыя ташып, бир катар айылдарды каптап кетти.

Жергиликтүү медиа агенттиктер жазгандй, бул суу ташкыны акыркы 100 жылдагы эң күчтүүлөрдүн бири болуп калды.

Муну менен катар акыркы үч жыл ичинде Дагестандагы суу агызуу системасына 12,5 миллиард рубль бөлүнгөнү белгиленүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG