Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган келиндин жана балдарынын биринин сөөгүн туугандары бүгүн 6-апрелде жерге беришти.
Каргаша 4-апрелдин кечинде болгон. Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган.
Милиция ал өзү жана кичүүсү ошол жерден жан бергенин, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы өтө оор экенин билдирүүдө. Министр Дамир Осмонов Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына барып, кыздын абалы менен таанышты.
Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркум келиндин күйөөсү 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармады. Шектүү убактылуу кармоо жайына жеткирилди.
"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды", - деп айтылды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.
Милиция башка фактыларды ачыктаган жок. Маркумдун туугандары соңку кезде үй-бүлө ичинде чыр-чатак болуп келгенин айтышты. Шектүүнүн туугандары мындай маалыматты четке какты.
Бул каргашалуу окуя Кыргызстанда аялдардын жана балдардын коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан талкууга чыгарды. 2025-жылдын 11 айында (январдан ноябрга чейин) өлкөдө ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (15 миң 675 факт) 27,5% же 4320 фактыга көп. (КЕ/DSh)
Шерине