Азов деңизинде буудай жүктөгөн "Волго-Балт" кемеси кыйраганын Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн Орусия дайындаган башчысы Владимир Сальдо кабарлады.
ТАСС агенттиги ыкчам кызматтарга таянуу менен экипаж 11 мүчөдөн турганын, акыркы маалыматтар боюнча алардын экөө каза тапканын жазды.
Калганы кайык менен эвакуацияланып, жээкке чыгарылган.
Сальдонун айтымында, экипаждын баары Орусиянын жарандары.
Орусиянын ыкчам кызматтары кеменин кыйрашына дрон соккусу себеп болгонун билдирип жатышат. Чабуул болгон маалда кеме аннексияланган Крымда, Керч кысыгынан 300 мил түндүк тарапта сүзүп жүргөн.
Шерине