Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Дагестан: Суу ташкындан дамба жырылды, 800дөй үйдүн жашоочулары эвакуацияланды

Дагестан. 29-март, 2026-жыл
Дагестан. 29-март, 2026-жыл

Дагестанда нөшөр жаан жана суу ташкындан улам Гежух дамбасы жырылып, Дербент районунда 800дөй үйдүн жашоочулары эвакуацияланды.

Дагестандын Коомдук байкоо комиссиясынын төрагасы Шамил Хадулаев дамба эки тараптан тең жырылганы тартылган видеону көрсөттү.

Жергиликтүү бийлик азыр дамбанын жырылышынан да Кайтагдан Гежух дамбасына агып кирип жаткан дарыя ташып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар экенин билдирүүдө.

Дамба толук ташыса Дагестанские Огни калаасын капташы ыктымал. Суу ташкындан улам Кирки кыштагында бир киши каза тапканы кабарланды.

Махачкалада нөшөрдөн, суу ташкындан кийин көп кабаттуу турак жай кулап түшкөнү тартылган видеолорду жергиликтүү пабликтер жарыялап жатышат.

Коңшу үйлөрдүн тургундары да эвакуацияланды, анткени жайгашкан жер борпоң болуп калган. Азыр көп кабаттуу дагы үй турак жай кооптуу жерде турганы айтылды. ТАСС агенттиги Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жабыркагандар жок экенин жазды.

Дагестандагы турак жайлардын кулашы боюнча текшерүү башталды.

Ушуну менен соңку аптада Дагестанда экинчи жолу катуу суу ташкыны болду. Марттын этегинде республикада 800дөн ашуун үйдү суу каптаган, 130дан ашык айыл жарыксыз калган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG