Кыргызстанда ушул тапта жер-жерлерде муфтият өкүлдөрү, имам хатибдер жакын арада ажылык сапарына аттануучу жарандарга зыярат тууралуу маалымат берип жатышат. Ажылыктын мааниси, парздары жана сапар учурунда сакталуучу эрежелер тууралуу кеңири маалымат берилүүдө.
Мындан тышкары Сауд Арабиясында жүргөндө өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарын жана ажылыкка байланыштуу талаптарды так аткаруу зарылдыгы эскертилди.
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашкандай, быйыл, 2026-жылы ажылык сапарга 6060 адам барат. Жыл сайын Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги падышачылыктын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр же башка жаңы эрежелер тууралуу алдын ала эскертип, көрсөтмөлөрдү жиберет. Быйыл Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабай зыяратка баруучулар үчүн азырынча өзгөчө талап же өзгөргөн жоболор болбогону маалымдалды.
Быйылкы жылы сапар 11-майда башталат, баасы 4 650 доллар деп эсептелди.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы март айынын башында Жакынкы Чыгышта абал курчуганына байланыштуу кыргыз жарандарынын умрага баруусуна убактылуу чектөө киргизген жана кыргызстандыктарды Перс булуңундагы кырдаал жөнгө салынганча кичи ажылыкка баруудан карманып турууга чакырган.
Быйылкы ажылыкка барууну каалаган адамдардан документ кабыл алуу былтыр 23-сентябрда башталган. Квота бир сааттын ичинде толгон.
Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. (ZКo)
Шерине