Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Нарын дарыясына түшүп кеткен сегиз жашар бала изделүүдө

Нарын дарыясындагы издөө-куткаруу учуру. (архив)
Нарын дарыясындагы издөө-куткаруу учуру. (архив)

Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында сегиз жаштагы К.И. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткенин, аймактык башкармалык аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн сууну азайтууну “Үч-Коргон ГЭСи” менен макулдашканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Дарыядагы суу 6-апрель күнү саат 08:00ден тарта азайтылып, саат 10:00го деңгээли нормадан болжолдуу 2–2,5 метрге төмөндөдү. Сууну азайтуу иштери саат 14:00гө чейин улантылат.

6-апрель күнү издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин жергиликтүү бөлүмүнөн 16 куткаруучу, 1 дрон жана 3 кайык тартылды. Мындан тышкары ыктыярчылар жана милиция кызматкерлеринен жалпы 70тей адам көмөктөшүүдө.

Нарын дарыясына кичине балдар түшүп кетип, табылбай же сөөгү табылган учурлар буга чейин да катталган. ӨКМ жарандарды балдарына сак болууга, дарыянын суусуна түшүү болбой турганын эскертип келет.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG