Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

7-апрелдин аба ырайы: Баткен, Ош облустарында жаан жаайт

8-апрелге чейинки жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда карга айланат.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндуз 22…27

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG