Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети бүгүн 6-апрелде өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалды жакшыртуу чараларын талкуулап жатат. Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков каралып жаткан документте коомчулукка ачык айтылбай турган, "купуя", кызматтык пайдалануу үчүн деген белгилер бар экенин билдирип, маселе жабык караларын айтты.
Соңку айларда Орусияда "пастереллез жуккан" деп малды өлтүрүп, тарпын өрттөп жаткан видеолор тараган. Казакстан өзүндө тараган ылаңды ринотрахеит деп атаган. Орусиядагы эпизоотиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан коңшусунун бир катар аймактарынан тирүү малды жана эт азыктарын алып өтүүгө убактылуу чектөө киргизген.
Малдын ылаңы соңку айларда Кыргызстанда да күч алганын, анын белгилери шарп ылаңына окшош экенин депутаттар март айынын ортосунан бери айтып, парламентте бир канча жолу бул маселени көтөрүшкөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө шарп катталбаганын, эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирип келет.
Өткөн аптада кыргыз өкмөтү Орусиядан шарп ылаңына каршы 4,5 млн доза вакцина сатып алынарын айткан эле. (КЕ)
Шерине