Бишкек мэриясы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы фонтандарды демонтаждоо иштери башталганын 6-апрелде кабарлады. Долбоорго ылайык, конструкция элементтери жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат.
Ошондой эле айланасындагы аймакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Филармониянын алдындагы фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Учурдагы долбоордун алкагында объект толугу менен жаңыланып, бардык инженердик түйүнү алмаштырылат.
Бул иштер шаардык инфраструктураны жаңылоо жана реконструкция долбоору алкагында ишке ашырылып, борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган.
Филармониянын өзү 2019-жылы ремонттолуп, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү, жылытуучу системалары, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөн. (КЕ)
Шерине