Президент Садыр Жапаровдун 7-апрелдеги жарлыгы менен Таш-Көмүр шаарына мэр болуп Эрк Орозбаев дайындалды.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Келсинбек Бектемиров шаардын мэри кызматынан бошотулган. Маалыматта ал кызматынан өзү жазган арызынын негизинде бошотулганы кабарланды.
Мурдагы мэр Келсинбек Бектемировго 2023-жылы президент Садыр Жапаров иши начар деп бааланган жетекчилердин катарында сөгүш жарыялаган.
42 жаштагы Эрк Орозбаев Аксы районунун тургуну. 2020-жылы Жогорку Кеңешке "Биримдик" партиясынан ат салышкан.(ZKo)