Кодекстерге өзгөртүү киргизүүнү чектөө сунушу депутаттардын сынына кабылды

Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин “Кыргызстандын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары дээрлик бир ооздон каршы алышты.

Парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 7-апрелде аталган мыйзам долбоорун 1-окууда карап, артка кайтарды.

Юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова комитетте жасаган баяндамасында Кыргызстандын кодекстерине бат-бат өзгөртүү киргизүү кодекстердин туруктуулугун төмөндөтүп, жарандар, ишканалар жана инвесторлор үчүн укуктук тескөөнүн аныксыздыгын жаратып жатканын белгиледи.

Өкмөт кодекстерге жылына бир эле жолу өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Ошол эле мыйзам долбоорунда "президенттин чечиминин же Конституциялык соттун чечимин аткаруу максатында өзгөртүүлөр киргизилүүсү мүмкүн" деп жазылган.

Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору комитет мүчөлөрүнүн нааразылыгын жаратты. Көпчүлүк депутатуттар муну парламенттин ишмердүүлүгүн чектөө деп сыпатташты. Депутат Дастан Бекешев өкмөт өзүнө керек учурда гана өзгөртүүлөрдү киргизип, Жогорку Кеңешти чектегиси келип жатат деген пикирин айтты:

"Өкмөт өзүнө керек учурда президентке сунуш киргизип, президенттин чечиминин негизинде деген жүйө менен бизге өзгөртүү киргизүүгө алып келишет. Эгер бир жолу болсо анда бардыгы үчүн бир жолу болушу керек. Мына, Салык кодексине 2025-жылы эки жолу өзгөртүү киргизилген, бир жолкусунда өкмөт өзгөрттү, экинчи жолу президенттин буйругунун негизинде алып келишти. Укук бузуулар кодекси 33 жолу өзгөртүлгөн болсо, анын канчасы өкмөттөн келди? Анда өкмөт өзүнө өзү мораторий киргизсин", - деди Бекешев.

Дагы бир депутат, экс-спикер Дастан Жумабеков кодекс, мыйзамдарды өзгөртүү мезгил талабы болуп жатканын, жылдап күтө албасын белгиледи:

"Жөнөкөй мыйзамдарга деле өзгөртүү киргизбей эле, жылына бир жолу деп отура берели. Жогорку Кеңеш деле жылына бир жолу чогулуп коелу. Төраганын макулдугу менен өзгөртүлүшү керек деген сунуштарыңар да суу кечпейт. Бул узурпация. Төрагабызды андай жолго түртпөңүздөр", - деди Жумабеков.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын демилгеси менен комитет мыйзам өкмөттүн өзүнө гана чектөө киргизип, өкмөткө иштесин деген сунуш киргизишти.

Юстиция министрлигинин өкүлү депутаттардан концепцияны колдоп берүүнү өтүндү, бирок эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун толуктап иштеп, алып келүү зарылчылыгын белгилешип макул болушкан жок.

Юстиция министрлигинин маалыматында, 2025-жылы Укук бузуулар кодексине 33, Жарандык кодекске 13, Кылмыш-жаза кодексине 13, Салыктык эмес кирешелерр кодексине 12 жолу өзгөртүү киргизилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Times Ирандын жаңы жогорку лидери "өлкөнү башкарууга жөндөмсүз" экенин жаздыТаш-Көмүр шаарынын мэри алмаштыКыргызстан Германия менен дипломаттарга визасыз режим боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуудаӨКМ дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкын болушу мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балык уулоого убактылуу тыюу салынды"Ок жедик, майып болдук, унутулдук". Апрель окуясынын каармандары