Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Times Ирандын жаңы жогорку лидери "өлкөнү башкарууга жөндөмсүз" экенин жазды

Ирандын жакында эле шайланган жогорку лидери Можтаба Хаменеи
Ирандын жакында эле шайланган жогорку лидери Можтаба Хаменеи

The Times басылмасынын журналисттери чалгын кызматынын маалыматтарына таянып, Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи Кум шаарында дарыланып жатканын жана өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экенин жазды.

АКШ менен Израилдин чалгын кызматтары Перс булуңундагы союздаштар менен бөлүшкөн маалыматка ылайык, ал 28-февралда абадан сокку урулган кезде жараат алган. Ошол эле чабуулда анын атасы Аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн.

Жаш Хаменеинин коомчулукка көрүнбөй калганы, негизинен жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдүн таратылышы жана жасалма интеллект аркылуу даярдалган видеолордун чыкканы анын лидерлиги тууралуу күмөн саноолорду күчөттү.

Маалыматта ошондой эле Кум шаарында Али Хаменеинин сөөгүн жерге берүү боюнча даярдыктар жүрүп жатканы айтылат. Ага ылайык, чоң мавзолей куруу пландалууда.

Бул кырдаал Иранда чыныгы бийлик кимдин колунда деген суроолорду жаратты.

Айрым божомолдор боюнча, өлкөдө иш жүзүндө бийликти Ислам революциясынын сакчылар корпусу көзөмөлдөп жатат.

56 жаштагы Можтаба Хаменеинин жубайы Захра Хаддад Адел АКШ менен Израилдин чабуулунда кайнатасы менен бирге каза болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG